ГАЛЛЮЦИНАЦИЯ

ГАЛЛЮЦИНАЦИЯ (лат. hallucinate — жөөлүү, кош көрүүнү, элес) -эсте тутулуп калган элес, субъекттин ички рухий процесси реалдуулук катары кабыл алынган далилдегенге татаал сезимдердин жаңылышы. Жалган түшүнүктөрдү өзүнө камтыгандыгы б-ча Г-лар иллюзияларга окшош, бирок иллюзия Г-дан айырмаланып, реалдуу объект тарабынан чакырылат. Учурдагы Г-лардын жалпы теориясында эки гипотеза басымдуулук кылат. 1. Тиричилик тажрыйбасы, узак убакыт сакталуучу физикалык өзгөрүүлөрдүн пайда болушуна алып келет (аларды ар түрдүү айтышат: энграмма, калып, үлгү, нервдердин изи же тагы). Алар эстин, ойдун, элестетүүнүн иштөөсүндө сыртка чыгат. 2. Чөйрөдө болгон ички ж-а тышкы таасирдин ортосунда ар дайым өзгөрүлүп турган тең салмактын натыйжасында физиологиялык ж-а маданий факторлор Г-лардын мазмунунун ж-а маңызынын себеби болот. Көпчүлүк учурда Г-лар түшкө окшош. Адам уктаганда мээге келип турган сенсордук маалыматтардын саны азайып, аң-сезимдин деңгээли төмөндөйт. Андан тышкары маңыз аң-сезим чөйрөсүнө кирет. Ойго турганда ушундай эффект мээге келип турган сенсордук сигналдардын саны кескин түрдө азайып кетишинин натыйжасы болушу мүмкүн. Г. учурунда адамдын көргөндөрүн көрүнчү деп, ал эми кулакка угулган Г-ларды акоазмдар деп аташат.