ГАНДИЗМ

ГАНДИЗМ — негиздөөчүсү М. К. Гандинин (1869-1948) атынан аталган, Индиянын көз карандысыздыгы үчүн күрөшүп жаткан учурда пайда болгон коомдук-саясий ж-а диндик-философиялык доктрина. Г. Индиянын улуттук-боштондук кыймылынын идеологиясы. Г-дин негизги саясий принциптери зомбулук кылбоонун негизинде боштондук үчүн күрөшүүгө элдин бардык катмарларын катыштыруу жолу м-н согушсуз, Индиянын эгемендүүлүгүнө жетиш; Индиянын улуттук конгрессинин жетекчилиги астында, кастасына, табына, улутуна, динине карабай, бардык Индиялыктарды эгемендүүлүк үчүн күрөшкө бириктирүү; коомдук мамилелердин алкагында жумушчуларды капиталисттердин, ал эми дыйкандарды феодалдардын камкордугу аркылуу, таптар аралык конфликттерди арбитраж жолу м-н чечип, таптык тынчтыкка жетүү мүмкүнчүлүгү концепциясы турат; патриархалдык мамилелерди идеализациалоо, элдин диний сезимдерине апеляциялоо Г-дин олуттуу өзгөчөлүгү. Зомбулук кылбоо принциби Г. өзөгү, маңызы. Ганди негиздеген ж-а анын жолун жолдоочулар кабыл алышкан эриктүүлүк үчүн күрөштүн тактикасы сатьяграхи (чындыкта туруктуулук) деп аталган. Ал эки формада: кызматташпоо ж-а граждандык баш ийбестик. Кызматташпоо англичандар берген титулдардан баш тартуу, өкмөттүк окуу жайлардын тынч уюштуруудан турган демонстрацияларды бойкоттоо турган. Граждандык баш ийбестик колониалдык бийликтин мыйзамдарды бузуу, саясий забастовка, стачкаларды уюштуруу, кээ бир учурларда салык төлөгөндөн баш тартуудан турган. Г. тактикасына колониялык бийлик м-н конфликттерди, коомдук келишпестиктерди сүйлөшүү ж-а макулдашуу жолу м-н чечүүгө умтулуу мүнөздүү. Г. философиясы байыркы ж-а орто кылымдагы индиянын философиялык окууларына, системаларына окшош. Анда эч кимге эч кандай залал келтирбөө, жашоонун аскеттик образы, адеп-ахлактык жеткилеңдик ж. б. Индия эриктүүлүккө жеткенден кийин (1947) Г. жолун жолдоочулардын арасында социалдык, экономикалык, саясий өнү-гүүсүнүн методдорун, жолдорун колдонуу маселелери б-ча олуттуу келишпестиктер болгон.