ГАНДИ Мохандас Карамчанд

ГАНДИ Мохандас Карамчанд (1869–1948) – Индиядагы улуттук боштондук кыймылдын лидери, идеологу. Г-нин окуусу  (гандизм) улуттук боштондук күрөштүн программасы болгон. Негизги принциптери: адамдардын ортосундагы  мамилелердин чыныгы формасы – сүйүү, бул жашоонун негизги мыйзамы тынчтык жол менен, күч колдонбой күрөшкө  кеңири көпчүлүк элди тартуу аркылуу максатка жетүү. Г. күч колдонууну катуу сынга алып, күч колдонбогон коом  жөнүндө концепциясын иштеп чыккан, саясатта жаңы ыкманы – граждандык баш ийбөөнү колдонууга чакырган. Г.  мамлекетти зордук-зомбулуктун биримдигинин формасы деп эсептейт. Бирок адамзаттын азыркы доорунда мамлекет  зарыл экендигин танган эмес. Гандинин ою боюнча күч колдонбогон мамлекет кичинекей, өзүн-өзү башкаруучу жана  камсыз кылуучу, айылдык коммуналар сыяктуу болуп, анда моралдык жана социалдык мажбурлоо бар, чечимдерди  көпчүлүк кабыл алат. Бирок жеке адам же азчылык да өзүлөрүнүн аң-сезимине туура келбеген аракеттерди жасабай,  граждандык баш ийбөө жолу менен саясатка каршы ачык күрөшө алат.