ГЕГЕЛЧИЛИК

ГЕГЕЛЧИЛИК (Гегельянство) — Гегелдин окуусун ж-а идеяларын өнүктүрүп, тереңдеткен философиялык агым. Г ерманиядагы Г егелдин мектеби теисттик оң канат улуу гегелчилер (Г ешель, Дауб, Г инрихс, Г аблер ж. б.) ж-а радикалдык сол канат, жаш гегелчилер (Руге, Бруно Бауэр, Фейербах, Штраус ж. б.) болуп ажыраган. Консервативдик улуу гегелчилердин өкүлдөрү 19-к-дын 30-40-жылдарында Гегелдин окуусун диндик-христиандык интерпретациялап, акыл м-н диндик ишенимдин синтези принцибин жактоого аракет кылышкан. Кийинчерээк радикалдык жаш гегелчилерге каршы өз окууларын улантышкан. Г -тин тарыхында 1838-ж. жаш гегелчилер тарабынан уюштурулган жылына бир жолу басылып чыга турган илим ж-а искусство маселелерин талдаган жыйнактар чоң таасир берген. 1843-ж. бул жыйнакка тыюу салынган. Жаш гегелчилер Гегелдин философиясын интерпретациялап, христиан динин сындашкан. Алгач Д. Штраус өзүнүн «Иисустун өмүрү» (1835) деген китебинде евангелиенин догматтарын сындап, Бауэр динди коомдук аң-сезимдин жалган формасы катары караган. Оң ж-а сол канаттын эки арасындагы позицияны Розенкрантц, Эрдман ж. б. ээлешкен. Маркс м-н Энгельс Гегелдин диалектикалык методун өздөрүнүн тарыхты материалисттик түшүнүүсүнүн негизине тургузушкан. Г. Францияда, Англияда, Италияда, АКШда, Россияда, Г олландияда ж-а Скандинавия элдеринде кеңири тараган. Немис ойчулдарынын бири дагы башка улуттарга ушунчалык көп таасир берген эмес.