ГЕГЕЛЬ Георг Вилгельм Фридрих Гегель

ГЕГЕЛЬ Георг Вилгельм Фридрих Гегель (1770–1831) – немец философу. «Граждандык коом» деген эмгегинде үй-бүлө  тегинен эле граждандык коом болгон түшүнүктү берет: «Үй-бүлө өзү табигый коом болуп эсептелет, анын мүчөлөрү  сүйүү, ишеним жана табигый баш ийүү менен байланышкан (пиэтет)». Түшүндүрмө. Үй-бүлө өзү табигый коом.  Биринчиден, өз эркинин күчү менен үй-бүлө мүчөсү боло албайт, өзүнүн жаратылышынын күчү менен гана боло алат,  экинчиден, үй-бүлө мүчөлөрүнүн ортосундагы мамилелер жалаң эле ой-жүгүртүүгө, чечимге негизделбейт, ал ички  сезимге түрткү, козголууга негизделет. Бул мамилелер зарыл жана акылман, бирок туюунун акыл-эс формасы болбойт.  Бул алгач инстинкт. Үй-бүлөнүн бирине-бири сүйүүсү, биринчи «мен», экинчи өзүнчө «мен» менен кээ бир биримдигине  негизделет. Алар бирине-бири болгон мамилелер боюнча, өзүлөрүн өз алдынча деп эсептешпейт. «Үй-бүлө органикалык  бүтүн. Анын бөлүкчөлөрү – бөлүкчөлөр эмес, а мүчөлөрү, мына ушул бир бүтүндөн, өзүнүн субстанциясы бар, ал өз  алдынча жалгыз өз алдынчалыкка ээ эмес». Г. өзүнөн мурункулардан айырмаланып, граждандык коомду жана  мамлекетти өз алдынча институт катары караган. Граждандык коом мамлекеттин ичинде эмес, аны менен катар турат.  Алар үй-бүлө менен бирдикте мамлекеттин базисин жана өндүрүү жолун түзүшөт. Граждандык коом мамлекетке көз  каранды жана кандайдыр бир даражада ал аркылуу сорулуп-сиңирилип кетет. Мамлекетте граждандын жалпы эрки  коюлган, граждандык коом болсо – бул айрым индивиддердин өзгөчө жекече кызыкчылыктарын реализация кыла турган  сфера. Мамлекеттик сферага Г. өкмөттүк бийликти, администрацияны, граждандык коомго полициялык жана соттук  бийликти караткан. Эгерде мамлекет мыйзамдуулукту сакташ үчүн, граждандык коомдун чегине кирип кетсе, мис.,  куралдуу күчтөргө полициялык функцияны тапшырып коет же соттук уюмдардын ишмердүүлүгүнө кийлигишсе, ал  коомго каршы чыгат эмеспи. Г. граждандык коом жөнүндөгү ойлорун толук чагылдырган. Ал үчүн граждандык коом  турмуштун материалдык шартынын сферасы, табигый зарылчылыктын продукциясы, мында индивиддер жеке  кызыкчылыгын көздөгөн материалдык кызыкчылыктар менен байланышкан. «Укук философиясы» деген эмгегинде,  граждандык коом улап келген мурунку коом, нравалык руханий мамлекетке объективдештирилип көрсөтүлгөн. Г-дин ою  боюнча үй-бүлөнүн жана граждандык коомдун нравалык идеясы мамлекеттен келет. «Чындыгында, – деп жазган ал,  мамлекет жалпысынан алганда, биринчи болот да, ошонун чегинде гана үй-бүлө граждандык коомго өнүгөт. Ал эми  мамлекет деген идеянын өзү, мына ушул эки мамлекетке бөлүнүп кетет. Гегелдин граждандык коом жөнүндөгү ой  жүгүртүүлөрү индивидуалдуу жана жекече кызыкчылыктардын согуш талаасы катары көз алдыга тартылат. Индивиддер  деп эсептеген ал, өз ара байланышсыз, граждандык коомдон сырткары жашай албайт». Г. граждандык коомду ажыратып  турган социалдык карама-каршылыктын бар экенин түшүнгөн, ал: «Мына ушул карама-каршылыктар жана алардын  чырмалып калышы укмуштуудай сүрөттү көрсөтөт: аша чапкан байлыкты, артыкбаштыкты, ошондой эле экөөнүн тең –  жакырчылыктын физикалык жана нравалык бузулуунун картинасы». Коомдогу жеке менчиктик мамилелердин үстөмдүк  кылышы Г. үчүн бузулгус, ал эми адамдардын теңсиздиги тубаса. Анын ою боюнча жеке менчик эркиндиги граждандык  коомдун өнүгүшүнүн сөзсүз – шарты. Жеке менчиктен тышкары инсандын эркиндиги мүмкүн эмес. Жалаң гана индивид  граждандык коомго карата өзүнүн милдеттерин аткарыш керек, коом деле индивиддин укугун коргош керек.  Граждандык коом жана мамлекет өзүлөрүнүн карама-каршылык биримдигинде көптүк сословиелик базада жашайт,  башкача айтканда, коомдун өнүккөн социалдык структурасында жашай алат. Социалдык структуранын жакырчылыгы,  өнүкпөгөндүгү жана коомдук социалдык катмарларын бириктирип жиберүүнү тездетүү – диктатордук режимди туудура  турган чөйрөгө айланып кетишин, турмуш өзү көрсөттү жана далилдеди.