ГЕГЕМОНИЯ

ГЕГЕМОНИЯ (гр. hegemonia бийлөө, башкаруу) – гегомонизм жеке көз караштын, саясий эрежелердин,  көрсөтмөлөрдүн, саясаттын башка бирөөлөргө таңууланышы. Г. башка бирөөгө карата саясий күчтөн, таптык,  мамлекеттик башкаруучулуктун, бийлөөчүлүктүн абалы. Г. бийлик эмес, ал таасир жана башкаруунун биригип, бийликти  жүргүзүүгө айлануусу. Г. түрлөрү: маданий, идеологиялык, саясий ж. б. Г-нын масштабы континенталдыктан тартып  тармактыкка чейин жетиши мүмкүн. Г. үчүн күрөш мамлекеттердин коалицияларынын түзүлүшүнө, согуштарга алып  келген учурлар болгон.