ГЕНДЕР. ГЕНДЕРДИК САЯСАТ. ГЕНДЕРДИК ТЕҢ УКУКТУУЛУК

ГЕНДЕР – ар башка жыныстагы адамдардын калыптанган, социалдык жактан бекемделген жүрүм-туруму.

ГЕНДЕРДИК МАМИЛЕЛЕР – карым –катнаш процессинде же биргелешкен иш-аракеттин ар кандай түрлөрүн жүзөгө  ашырууда түзүлүүчү ар башка жыныстагы адамдардын ортосундагы жүрүм-турумдун жана мамилелердин мүнөзү.

ГЕНДЕРДИК САЯСАТ – ар башка жыныстагы адамдардын ортосундагы өз ара мамилелерде теңчиликти орнотууга  багытталган мамлекеттик, коомдук иш.

ГЕНДЕРДИК ТЕҢЧИЛИК – ар башка жыныстагы адамдардын коомдогу бирдей социалдык абалы. Г. Т-ти камсыз  кылуу боюнча мамлекеттик саясаттын негиздери болуп төмөнкүлөр саналат: 1. гендердик тең укуктуулукту камсыз  кылуу үчүн ченемдик укуктук базаны түзүү, жакшыртуу жана өр-күндөтүү; 2. Г. Т-ке жетишүүгө багытталган  мамлекеттик максаттуу программаларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу; 3. коомду Г. Т-ти бузууга багытталган  маалыматтан, үгүт жана насыяттан коргоо; 4. Г. Т-тин маданиятына тарбиялоо жана аны пропагандалоо; 5. Эл аралык  укуктун жалпы таанылган принциптери менен ченемдерин, ошондой эле КР гендердик теңчилик маселелерине тийиштүү  эл аралык милдеттенмелерин аткаруу.

ГЕНДЕРДИК ТЕҢ УКУКТУУЛУК – ар башка жыныстагы адамдардын мыйзам алдындагы, жумшартылуучу  жагдайлардан башка укуктарынын, милдеттеринин жана жоопкерчиликтеринин теңдиги.