ГЛОБАЛДЫК ПРОБЛЕМАЛАР

ГЛОБАЛДЫК ПРОБЛЕМАЛАР – эң курч, турмуштук маанилүү, дүйнөлүк жана жалпы адамзаттык маселелердин  жыйындысы. Аларды чечүү бардык элдердин жана мамлекеттердин биргелешкен аракеттерин талап кылат. Г. п-дын  комплекстүүлүгү, системалуулугу жана жалпылык мүнөзү, алардын айырмалануучу өзгөчөлүгү болуп саналат. Алар  бүгүнкү күндөгү дүйнөнүн өсүп жаткан биримдиги, аны түзүүчү бөлүктөрдүн өз ара байланышы жана бирине-биринин  көз карандылыгынын күрөш тенденциялары менен шартталган. Г. п. башкы, биринчи даражадагылардын катарына согуш  жана тынчтык проблемалары кирет. Анын ичинде төмөнкү проблемалар да бар: эл аралык коопсуздук, куралсыздандыруу  жана конверсия, эл аралык мамилелерди демилитаризациялоо жана узак убакытка, бекем тынчтыкты орнотуу үчүн керек  болгон гарантияларды түзүү; элдердин ортосундагы ишенимди бекемдөө жана алардын ортосундагы түрдүү  тармактардагы кызматташтыкты кеңейтүү. Курчап турган табигый чөйрөнүн абалынын абдан начарлап кетишине  байланыштуу алдыңкы планга экологиялык проблема чыгууда. Себеби, бул начарлоо адамзатты ракеталык-ядролук  катастрофанын натыйжалары менен тең келген экологиялык кыямат коркунучунун алдында калтырды. Эң ири Г. п-дын  бири – Азия, Африка жана Латын Америка өлкөлөрүндөгү кеңири эл массасынын жакырчылыгы, экономикалык жана  маданий артта калуучулугу болуп саналат. «Үчүнчү дүйнөдө» калктын санынын өсүшүнүн жогорку темптери жана бул  зонада жүз миллиондогон адамдардын жашоо деңгээлинин мындан ары төмөндөшүнө алып келген өнөр жайлык жана  айыл-чарбалык өндүрүш үчүн шарттардын начарлоосунун алардын ортосундагы бөлүнүүнүн тереңдеши менен пайда  болгон демографиялык кырдаалды оптимизациялоо зарылчылыгы да ушул проблема менен байланышкан. Бир катар Г.  п-га илимий-техникалык революциянын жана дүйнөлүк рыноктун өнүгүүсүнүн, дүйнөлүк дүң продукттун эффективдүү  өндүрүүнү жана кайра өндүрүп чыгууну камсыз кылуу зарылчылыктарынан улам келип чыккан. Дүйнөлүк  энергетикалык, чийки заттык, азык-түлүк кризистерин чечүүнүн; тынчтык максаттарында жерге жакын мейкиндикти  өздөштүрүү жана космостук мейкиндикти, Дүйнөлүк океанды демилитаризациялоонун жаңы ыкмаларын, акыр-чикирден  тазалоонун жолдорун издөө зарыл. Г. п. өз ара, регионалдык жана улуттук-мамлекеттик проблемалар менен тыгыз  байланышкан. Алардын негизинде – бүгүнкү күндөгү цивилизациянын жашоосунун негиздерин козгогон глобалдык  масштабдагы карама-каршылыктар жатат. Жалпысынан бул социалдык, жаратылыш менен адамдын ортосундагы, анын  ичиндеги карама-каршылыктар. Алардын кайсы бир тизмегинде курчушу Г. п-дын бардык системасындагы  деструктивдүү процесстерге алып барып жаңы оңой менен чечилбөөчү проблемаларды пайда кылат. Дүйнөлүк  коомчулукта Г. п-ды чечүүнүн көптөгөн программаларын жана пландарын каржылоо үчүн каражаттардын, ошондой эле  бул максатта пайдалануучу калыптанган механизмдин жоктугунан улам абал оорлоодо. Бул үчүн БУУ, башка эл аралык  уюмдардын, демократтык кыймылдардын ишмердүүлүгүн активдештирүү; дүйнөлүк согуштук чыгашаларды,  конверсияларды кыскартуунун эсебинен ресурстарды көбөйтүп; бардык мамлекеттердин тыгыз кызматташтыгын  калыптандыруу; жалпы адамзаттык кызыкчылыктар жана баалуулуктардын артыкчылыгын камсыз кылуу зарыл.

Коомдук прогресс, Г. п-ды чечүүнүн негизинде адамзаттын жашоо стратегиясы элдерди цивилизациялык өнүгүүнүн  жаңы чектерине алып баруусу мүмкүн.