ГРАЖДАНДУУЛУК

ГРАЖДАНДУУЛУК көп жактуу түшүнүк: 1. саясий коомчулуктун ишине активдүү, аң-сезимдүү кошулуу; 2. өзүн  психологиялык жактан саясий коомчулуктун гражданини, толук мүчөсү катары сезүү; 3. Гражданиндин ролунда чыгууга  жөндөмдүүлүк жана даярдык; 4. Саясий акцияларга эркин катышуу; 5. Мамлекеттин коомдун саясий кызыкчылыгы үчүн  күрөш-кө даяр болуу. Ушул түшүнүктөр бирин-бири толуктап, бекемдеп турат да, «саясий активдүүлүк» түшүнүгү  менен ички байланышта болот. Тарыхый жактан Г. демократиянын алгачкы формалары менен байланышта.