ГРАЖДАНДЫК КООМ

ГРАЖДАНДЫК КООМ – 1) коомдун жашоо ишмердүүлүгүнүн экономикалык, саясий, социалдык жана руханий  чөйрөсүндө ыктыярдуу түрдө түзүлгөн мамлекеттик эмес структураларды камтыган, өнүгүүнүн белгилүү бир  тепкичиндеги адамдардын жалпылыгы; 2) мамлекеттик эмес – экономикалык, саясий, социалдык, үй-бүлөлүк, улуттук,  руханий, диндик, үрп-адаттык ж. б. мамилелердин жыйындысы; 3) эркин индивиддердин жана ишмердүүлүгү  мамлекеттик бийлик органдарынын кийлигишүүсүнөн мыйзам аркылуу корголгон, граждандардын ыктыярдуу түрдө  түзүлгөн уюмдарынын жана ассоциацияларынын өзүн-өзү көрсөтүү чөйрөсү. Г. к. мамлекеттен мурда түзүлгөн. Ал эми  мамлекет болсо Г. к-дун өнүгүшүнүн белгилүү бир тепкичинде, таптар пайда болгон мезгилде калыптанган. Г. к-дун  андан ары өнүгүшү аны менен мамлекеттин ортосундагы мамилелердин мыйзамдуу түрдө ирээттелип, такталышына  жана адамдын эркиндик, укук, экономикалык көз каранды эместиги сыяктуу баалуулуктарга негизделген консенсустун  болушуна ыңгайлуу шарттарды түзгөн. ХХ к. аягында Г. к-дун жогорку өнүгүү деңгээлинин аркасында жашоонун  индивиддик жана коомдук- чөйрөсүнө мамлекеттин кийлигишүүсү өзүнүн эң, төмөнкү чегине жеткен жана ушунун өзү  өлкөдөгү саясий режимдин туруктуулугуна негиз түзгөн. Г. к. өзүн-өзү уюштурган жана өз алдынча өнүккөн система  болуп эсептелет. Г. к-дун жашоо ишмердүүлүгүнүн эң башкы шарты болуп анын ар бир мүчөсүнүн конкреттүү менчикке  ээ болуу же ага ээ болууга катышуу, аны пайдалануу жана өз каалоосундай буйрук берүү укугу эсептелет. Ар түрдүү  топтордун жана катмарлардын өкүлдөрүнүн кызыкчылыктарын чагылдырган, өнүккөн жана көп кырдуу социалдык  структуранын болушу Г. к-дун жашоосунун маанилүү шарты катары чыгат. Такталбаган, ачык эмес социалдык  структуранын учурунда индивид мамлекет менен түздөн-түз байланышта болот, мунун өзү адамдын жеке укуктарынын  жана эркиндиктеринин ишке ашырылуусун олуттуу түрдө чектейт. Инсандын социалдык, интеллектуалдык,  психологиялык өнүгүүсүнүн жогорку деңгээлде болуусу, тигил же бул коомдук институттун ишине катышканда  инсандын ички эркиндигинин жана толук өз алдынчалыкка жөндөмдүүлүктүн болуусу Г. к-дун ишмердүүлүгүнүн зарыл  өбөлгөсү болуп эсептелет. Г. к-дун экономикалык чөйрөдөгү структуралары: кооперативдер, арендалык бирикмелер,  акционердик коомдор ж. б. чарбачылык кылууда граждандардын өз демилгелери менен түзгөн ыктыярдуу бирикмелери.  Г. к-дун социалдык-саясий чөйрөдөгү структуралары: үй-бүлө, коомдук, саясий кыймылдар жана уюмдар, жашаган же  иштеген жери боюнча түзүлгөн коомдук өзүн-өзү башкаруу органдары; мамлекеттик эмес массалык маалымат  каражаттары. Г. к. руханий чөйрөдө ой жана сөз эркиндиги, өз оюн ачык билдирүүнүн чыныгы мүмкүнчүлүктөрүн  шарттайт; чыгармачылык, илимий ж. б. бирикмелердин мамлекеттен жана саясий структуралардан өз алдынчалыгын  жана көз карандысыздыгын өбөлгөлөйт.