ГРАЖДАНДЫК МИЛДЕТ

ГРАЖДАНДЫК МИЛДЕТ – конституция, укук актылар тарабынан бекитилген укуктук милдеттерди конкреттүү  өлкөнүн гражданинин сөзсүз түрдө аткаруусу. Г. м-ди алуу, ажыроо, эл аралык макулдашуу, мыйзам аркылуу  жүргүзүлөт. Г. м-тин өнүгүшү бир нече этапка бөлүнөт. Мис., Байыркы Кытайда баш ийүүчүлүк абалы аталган, байыркы  Грецияда Сократ – Г. м. бардык эркин граждандар үчүн ак иш деген. Кайра жаралуу доорунда Г. м. инсандын  мамлекетке, коомго болгон эркин мамилесин түшүндүргөн. Мында милдет – көбүнчө ишенимге таянган. Франция  революциясынын тушунда 1789–1794-ж. Г. м. граждандын улуттук, элдин алдындагы милдети катары белгиленген. Адам  укугунун декларациясында Г. м. ар бир адам өз укугун, эркиндигин ишке ашырууда; коомдук мораль, тартипти камсыз  кылуу максатында, башкалардын укук, эркиндигине шек келтирбей тургандай болуусу керек деп айтылат. Ар бир адам  өзү кирген жамааттын алдында милдеттүү. Социалдык абал, ата-теги ж. б. у. с. – көп мезгилге чейин Совет өлкөсүнүн  граждандарын башка өлкөлөрдөн айырмалап кароого алып келген эле.