ГРУППИРОВКА. ГРУППОВЩИНА

ГРУППИРОВКА (өкмөткө каршы) – партиялар, ар кандай кыймылдар, аскердик уюмдардын топторы, максаты: күч  колдонуу менен өкмөттү кулатуу же өзүнүн талаптарын аткартуу. Мындай Г. граждандык согуш же революция  мезгилинде, легалсыз б. а. террор, куралдуу күчкө таянат. Г-нын пайда болушу алдын ала даярдалган көтөрүлүш,  козголоңдун бөлүгү. Социалдык базасы өлкөнүн өзгөчөлүгүнө жараша болот жана ага көбүнчө маргиналдык катмарлар,  люмпендер кирет. Идеологиясы – диний фундаментализм, сектанство.

ГРУППИРОВКА, с а я с а т т а 1). Саясий ишмердүүлүккө эки же андан көп борбордун биргелешип иштөөсү. 2). 23  борбордун жашыруун келишимдин негизиндеги аракети, алар коомчулуктан качышат. 3). 23 борбордун көз  караштарынын убактылуу дал келишине байланыштуу келишим аркылуу ишмердүүлүгү. Г-нын тескери жагы –  коррупцияга өсүп кетиши мүмкүн.

ГРУППОВЩИНА – жалпы кызыкчылыкка карама-каршы келген, өз пайдасын, максатын көздөгөн адамдардын тобунун  ишмердүүлүгү жана алардын ортосундагы түзүлгөн термин. Г. сталинизм тушунда киргизилген жана  кызыкчылыктардын өз алдынча болуусуна тоскоол болууну максат кылган.