ДАОСИЗМ

ДАОСИЗМ – дао жөнүндөгү окуу, философиялык-диний мектептердин бири. Дао терминин которуу кыйын, түздөн-түз  «Жол» дегенди түшүндүрөт. Мааниси жагынан алганда «Дүйнөнүн алгачкы себеби», «Ааламдын маңызы»,  «Жаратылыштын негизги мыйзамы». Конфуций окуусунда дао деп мыкты башкаруучунун жолу, адептүүлүктү  өркүндөтүүнүн жолу, моралдык-этикалык нормалардын жыйындысын түшүнүшкөн. Д-дин негиздөөчүсү катары  Конфуцийдин улуу замандашы Лао-Цзы эсептелет. Анын негизги китеби «Дао дэцзин». Бардык заттар өзүнүн менчик  жолу – дао аркылуу жаралат жана өзгөрөт. Дүйнөдө өзгөрүлбөс зат жок жана бардык заттар ошол өзгөрүү процессинде  өздөрүнөн карама-каршысына айланышат. Адам заттардын табигыйлуулугун таанууга жана куру акылдуусуна берүүдөн  баш тартууга тийиш. Д. үстөмдүк жана эзүүгө каршы туруп, адамдарды жашоонун алгачкы түзүлүшүн калыбына  келтирүүгө чакырган. Б. з. ч. IV–III к. жашашкан Ян Чжу, Инь Вэнь, Чжуан-цзы Д-дин көрүнүктүү өкүлдөрүнөн  болушкан. Ян Чжу боюнча жашоонун табигый мыйзамдарын (дао) сактоо адамга «өзүнүн жаратылышын жана  бөтөндүгүн сактоого жол берет», ал эми Инь Вэнь айткандай, дао адамга акылдуулукту алууга жана чындыкты түшүнө  билүүгө керек. Чжуан-Цзы ой жүгүртүүлөрүнө «асмандын жана жердин күзгүсү» деп атаган. Аны көпкө караганда  жекеликти, кыймылга караганда токтоп турууну (покой) көбүрөөк колдогону, даону заттардан бөлүп чыгуусу кийинки  мезгилде пайда болгон «иш кылбоо» (недеяние) теориясынын идеялык негизин түзгөн. Бүгүнкү күндө аны  философиялык саясий Д. катары диндик Д. бөлүп кароо керек.