ДАРЕНДОРФ Ральф

ДАРЕНДОРФ Ральф (1929-ж.) – немец социологу. Д. социалдык стратификация жана конфликттер теориясын иштеп  чыккан. Социалдык конфликттер концепциясында таптардын негизги белгисин менчикке эмес, үстөмдүк кылуучулукка  жана баш ийүүчүлүккө байланыштырат, бул кайсы гана коомго болбосун тиешелүү болуп, конфликттерге алып келет –  деп эсептейт. Негизги эмгектери: «Индустриалдык коомдогу таптар жана таптык конфликттер» (1959), «Конфликт жана  эркиндик» (1972).