ДАТКА

ДАТКА (фарсыча «дадхох» – «адилетти сүйүүчү», «адилетти каалоочу», «адилетчил») – мансап даражасы.

1. Бухара,  Кокон жана Хива хандыктарынын убагындагы жогорку мансап. Амирдин атына келген арыздарды кабыл алып, анын  жообун арыз ээсине билдирип туруучу адам.

2. Кокон хандыгындагы ири феодал төбөлдөрүнө берилген аскердикакимдик чин. Бул чинди алгандар Кокон ханынын саясатын жүргүзүүгө белгилүү деңгээлде милдеттүү болушкан. Д.  негизинен жергиликтүү бийликтин кызыкчылыгын борбордук Кокон бийлигинде коргой турган, байланыштыруучу  функцияны да аткарган.