ДЕКАРТ Декарт Рене

ДЕКАРТ Декарт Рене (1596-1650) (лат. аты Картезий) — француз философу, философиялык рационализмдин көрүнүктүү өкүлү. Эски ак сөөк тукумунан чыккан. Билимди иезуит мектебинен алып, Отуз жылдык согуштун башталышында армияда кызмат өтөгөн, 1621-жылдан тартып бир нече жылга созулган саякаттарды жасаган. 1629-жылдан Нидерландияда жашаган, 20 жылга жакын илимий изилдөөлөрдү жүргүзгөн. Негизги чыгармалары “Метод тууралуу ой толгоо”, “Метафизикалык ой жүгүртүүлөр”. Д-тын пикири б-ча таанымдын негизин акылдын тубаса сапаттарына таянуу м-н пайда болгон тике акыйкат түзөт. Д-тын системасындагы күмөн саноо ишеним катары кабыл алынган ой пикирлердин баарын четке кагууга жардам берген методикалык ыкманын мүнөзүнө ээ. Д-тын философиясында илимий билимдердин системасынын негизин “ой жүгүртүүдөмүн, демек, тирүүмүн” деген принцип түзөт. Мындай пикир адамга ой жүгүртүү сыяктуу тубаса касиет берген кудайдын бар экендигин далилдейт. Д-тын философиясынын негизин жан ж-а дене дуализми түзөт. Ал космология, физика ж-а физиологияда материалист, ал эми психология, таануу теориясында ж-а болмуш (бытие) тууралуу окууларда идеалист болгон. Ал өзүнө чейин пайда болгон илимдердеги чындыкка ишенбей, бир жагынан акыр заман (тарыхтын бүтүшү) ж-дөгү орто кылымдардагы ой жүгүртүүлөргө, экинчи жагынан материянын бөлүнүшүн атомго чейин гана чектеген байыркы грек окууларына каршы чыккан. Анын пикири б-ча материалдуу дүйнө түбөлүктүү ж-а чексиз. Материянын кыймылын механикалык орун алмашуу катары карап, аны кыймылга келтирген күч деп кудайды түшүнгөн. Рухий ж-а материалдуу субстанциялар кудай тарабынан жаратылган ж-а атрибут деп аталган ажырагыс сапаттарга ээ. Ой жүгүрткөн субстанциянын атрибуту көлөмсүздүк, ал эми материалдуу субстанциянын атрибуту болуп көлөм (узуну, туурасы ж-а бийиктиги) эсептелет. Д-тын эмгектери философиянын эки багытына тең — идеализмге да, материализмге да таасирин тийгизген.