ДЕМОКРАТТЫК КЫЙМЫЛДАР

ДЕМОКРАТТЫК КЫЙМЫЛДАР азыркы мезгилдеги коомдук өнүгүүнүн эң башкы кыймылдаткыч күчү.  Прогрессивдүү реформаны жүргүзүү, глобалдык, регионалдык жана улуттук проблемаларды чечүү Д. к-дын максаты  болуп саналат. Коомдук өз алдынча ишмердикке ээ социалдык таптар, ассоциациялар, коалициялар, союздар,  козголуштар Д. к-дын структурасын түзүшөт. Д. к. өзүнүн өнүгүшүндө бир нече этаптарды басып өткөн акыркы  жылдары пайда болгондору: «жаңы демократтык кыймыл», «жаңы социалдык кыймыл», «Кыргызтан демократтык  кыймылы» ж. б. Д. к-дын багыттары төмөнкүчө: максаты боюнча – тоталитардык саясий системага, авторитардык  режимдерге каршы кыймыл, согушка каршы, экологиялык кыймылдар; социалдык жана улуттук составы боюнча –  жумушчулардын, дыйкандардын, интеллигенциянын, улуттук топтордун, аялдардын, жаштардын жана студенттердин,  диндик уюмдардын кыймылдары; радикализм деңгээли жана массалык акцияларды пайдалануу боюнча –  демонстрациялар, митингдер, иш таштоолор, парламентаризмдин мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу; аймактыкгеографиялык белгилери боюнча – глобалдык, өнүккөн жана өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө; улуттук мамлекеттин  рамкасында ж. б. Д. к. өзүнүн өнүгүшүндө жаралуу, түзүлүү, жетик, максималдуу активдүүлүк этаптарын, ал эми өзүнүн  жашоо булагы түгөнгөн кезде төмөндөө жана тарыхый аренадан жок болуу этаптарын башынан кечирет. Бүгүнкү күндө  тоталитаризмге каршы, согушка каршы, улуттук-боштондук, экологиялык кыймылдар күчүп баратат.

Д. к.  Кыргызстандын өнүгүшүнө олуттуу таасир тийгизишти. «Ашардан» бөлүнүп чыккан Кыргызстан демократтык  кыймылы тоталитаризмден демократияга өтүүдө негизги ролду ойноду.