ДЕМОКРАТТЫК ЦЕНТРАЛИЗМ

ДЕМОКРАТТЫК ЦЕНТРАЛИЗМ – башкаруунун жана мамлекеттик түзүлүштүн кээ бир саясий партиялардын жана  коомдук уюмдардын түзүлүшүнөн жана ишмердигинин принциби. Демократия жана централизм бул принциптин өз ара  шартталган тараптары. Тарых далилдеп тургандай, админстрациялык-командалык системанын шартында демократиянын  жоктугу жана централизмдин күчөшү, бардык чоң-кичине маселелердин борбордон чечилип калышы бюрократияга  алып келди. Централизмден толугу менен баш тартуу анархияга алып келет. Ошондуктан Д. ц. зарыл болгон катнашта  болгону жана аң-сезимдүү ишке ашырылганы зарыл. Д. ц. жок жерде кеңири демократия, мамлекеттин, өзгөчө көп  улуттуу, бүтүндүгү, автономия ж. б. болушу мүмкүн эмес.