ДЕМОКРИТТИН ОНТОЛОГИЯСЫ

ДЕМОКРИТТИН ОНТОЛОГИЯСЫ — Демокрит болмуш ж-а болмуш эмессыяктуу эки башат жашайт деп белгилеген. Ал сезимдик тажрыйбага таянуу м-н нерселер да (болмуш), мейкиндик да (боштук, болмуш эмес) жашайт деген. Боштук бир нерсени экинчисинен ажыртып турат. Бул болсо элеаттар баса көрсөткөндөй болмуш бирдиктүү эмес, көп түрдүү дегенди түшүндүргөн. Космос нерселер м-н боштуктардын биригиши болуп саналат. Болмуш боштук тап-такыр жок болуп кетмейинче бөлүнө берет. Д- тин окуусунда боштук нерселерди ажыратуучу ж-а чектөөчү кызмат аткарат, ошондуктан, боштук составдык элементтерди (атомдорду) бөлүп туруучу каражат катары татаал нерселердин ичинде ж-а аларды камтыган көлөм катары нерселердин сыртында жашайт. Боштук нерселерге ж-а анын элементтерине кыймыл жасоого, орун которуштурууга мүмкүндүк берет. Боштуктун чектелиши “кичинекейлигинен улам көзгө көрүнбөгөн,, атомдордун (гр. atomos — бөлүнбөс) жашоосунан кабар берет. Кичинекейлигинен улам атомдор туюмдар аркылуу эмес, акыл м-н гана таанылат. Атом, Д-тин пикири б-ча, физикалык нерсе катары бөлүнбөйт, бирок ал математикалык чоңдук катары бөлүнө алат. Атомдордун саны канчалык чексиз болсо, атомдорду камтып турган мейкиндик болуп эсептелген боштук да чексиз. Атомдорду Д. боштукта калкып жүргөн өтө майда бөлүнбөс, бири-биринен формасы, чоңдугу ж-а абалы б-ча гана айырмаланган бөлүкчөлөр катары элестеткен. Атом бөлүнбөстүк, башкача айтканда, өзгөрбөстүк сыяктуу негизги касиетке ээ. Д. алгачкылардан болуп атомдор тынымсыз кыймылда болуп турат деп көрсөтүү м-н, кыймылды материалдык нерселердин жашоо ыкмасы деп атап, кыймылдын үч формасын ачып көрсөтөт. Кыймылдын биринчи формасы броундук кыймылды элестеткен башаламан орун алмашуу м-н байланышкан. Кыймылдын кийинки формасы куюндуу агым түрүндө элестетилген. Мында атомдук куюн бир түрдүү атомдордун биригүүсүн ж-а ар түрдүү атомдордун ажыроосу үчүн шарттарды түзгөн. Натыйжада Д. тарабынан окшош нерселердин бири-бирине тартылуу мыйзамы деп аталган атомдордун кыймылындагы мыйзам ченемдүүлүк пайда болгон. Атомдук куюн процессинде дүйнө жаралган, б. а. өз ара кагылышып ж-а бири-бирине жармашып, атомдор биз күнүмдүк турмушта колдонуп жүргөн нерселер м-н буюмдарды пайда кылышат. Кыймылдын үчүнчү формасы космос предметтеринин бууланышын элестетет. Бул кыймылга жыт кирет. Жаратылыш нерселеринин касиеттери м-н шартталышкан, мис., илээшкендик илмектүү атомдор, ал эми агуучулук тоголок атомдор аркылуу түшүндүрүлөт. Д. антикалык философияда биринчилерден болуп таанып-билүү процесси тууралуу кеңири түшүнүктөрдү берген да, таануунун сезимдик ж-а акыл-эстик деп аталган формаларын ажыратып, алардын өз ара айкалышын аныктаган. Таанып-билүү, деп айткан ал, сезимдерден акылга карай жүрөт. Сезимдик таанып-билүү атомдордун өз ара аракеттенишүүсүнүн натыйжасы болуп саналат. Сезимдик образдардын ар түрдүүлүгү атомдордун формаларынын, түзүлүшүнүн ар түрдүүлүгү м-н шартталган. Таанып-билүү “агып кетүү” принцибинин негизинде түшүндүрүлөт. Мис., нерселер м-н кубулуштардын көрүнбөгөн майда элестери м-н өтө жука образдары көзгө “агып кирет” да, сырткы дүйнө тууралуу сезимдерди пайда кылат. Рационалдуу таанып-билүү сезимдик таануунун уландысы болуп эсептелет. Акыл-эс — бул өтө жука көрүү органы, б. а. өзгөчө “логикалык көрүү” болуп саналат. Д. материалдуулук м-н идеалдуулук айырмалаган эмес. Адамдын жаны жеңил, дүүлүккөн шар сымал ж-а жылмакай атомдордон түзүлгөн. Бул атомдорду Д. кудуреттүү, кереметтүү деп атаган. Д-тин атомдук концепциясы тарыхий зор мааниге ээ, анткени ал Жаңы мезгилде табигый илимдер тарабынан түзүлгөн дүйнөнүн картинасынын негизине коюлган. Д-ти акыркы ири грек философ-натуралисти деп атоого болот, анткени, анын чыгармачылыгы м-н грек философиясындагы натуралисттик мезгил аяктаган.