ДЕТЕРМИНИЗМ

ДЕТЕРМИНИЗМ (лат. de-termino — аныктайм) — детерминациянын объективдүү процесси ж-а детерминациянын объективдүү процесси тууралуу окуу катары түшүндүрүлөт. Д. — табигый, коомдук ж-а психикалык нерселер м-н кубулуштардын кандайдыр бир себеп тарабынан себептүү аныкталгандыгы тууралуу окуу. Мындай себеп катары теологиялык Д. Кудайды, антропологиялык Д адамды, географиялык

Д. табигый шарттар м-н климатты, биологиялык Д. тукум куучулукту атайт. Көз караштык ориентациялары б-ча, Д-дин бардык окуулары материалисттик, идеалисттик, диний мүнөздө болуп, ал эми кокустук м-н зарылдык айкалышы тууралуу суроону чечүүдө алар метафизикалык ж-а диалектикалык жоболорго таянат. Өз кезегинде метафизикалык (антидиалектикалык) Д. фатализм ж-а индетерминизм деп аталган окуулардан турат. Фаталисттик концепцияларда бир беткей зарылдык ашкере абсолютташтырылып жиберилет да, кокустук четке кагылат же толук кандуу баага арзыбайт. Мис., Б. Спиноза билимдердин жетиштигинен улам гана айрым нерселерди кокустук деп атоого мажбур болобуз деп белгилеген. Француз философу П. Гольбахтын «Табигый система» (1770) деп аталган эмгегинде бурганак көтөргөн куюнда да кокустан эле илээшкен бир да молекула жок деп көрсөтүлгөн. Молекулалардын ар бир кыймылы зарылдык улам пайда болот. Дал ушул сыяктуу эле тынымсыз кыймылдагы табият адамдын турмуш-тиричилигин шарттап турат. Кээ бир учурларда коомду катуу силкинтүүгө дуушар кылган көңтөрүштөрдө (революцияларда) зарыл болуп эсептелбеген бир да ой, иш-аракет, революциялардын катышуучуларынын каалоо-тилектери жок. Коомдук ой-пикирдин тарыхында материалисттик фатализмге индетерминизм каршы турат. Мис., америкалык философ Сантаяна курчап турган материалдуу дүйнө кокустуктардын агымынан турат; анын пикири б-ча адамдар зарылдык катары кабыл алган нерселердин баары «кокустуктардын заговору» болуп саналат. Табият таануу илимдеринде электрондун «эркин кыймылы», мутагенез процессин ишке ашырган гендердин «эркиндиги» ж. б. тууралуу түшүнүмдөр кеңири өнүккөн. Кокустук м-н зарылдык жуурулуштурган фаталисттик Д. индетерминизм сыяктуу эле диалектикалык окууну жактаган ойчулдар (мис., Гегель, Энгельс, Г ерцен) тарабынан четке кагылат.