ДЕФИНИЦИЯ

ДЕФИНИЦИЯ (лат. definitio — чектөө) — түшүнүктү аныктоо, түшүнүктүн белгилерине, б. а. түшүнүктүн мазмунуна токтолуу м-н анын маани-маңызын ачуу (кара, Түшүнүк, Предикат). Эмпирикалык предметтердин түшүнүктөрү өтө көп сандагы белгилерге ээ болгондуктан, алардын Д-сы маанилүү белгилерди баса белгилөө м-н гана чектелет (кара, Абстракция). Тактыгы б-ча математикалык Д-ларды ж-а көрсөтмө түшүнүктөрдү айырмалоого болот. Айрым моменттери ж-а функциялары б-ча Д-лардын төмөнкүдөй түрлөрүн ажыратууга болот: 1) аналитикалык (анын негизги функциясы болуп түшүнүктөрдүн анализинин жардамы м-н түшүндүрүү саналат) ж-а синтетикалык (ал Д-ларды таануу процессинен бөлүп албай, чогуу карап, анын белгилерин синтездин жардамы аркылуу конструкциялайт) Д-лар; 2) номиналдуу (алар бир түшүнүктү экинчиси м-н жалгаштырышат) ж-а реалдуу (нерселерди өзүнө ылайык келген түшүнүктөр м-н атайт) Д-лар. Аристотель Д. деп “жалпы тегин” (“genus proximum”) ж-а “түрдүк айырмачылыгын” (“differentia specifica”) көрсөткөн түшүнүктөрдү атаган. Д-ларда (аныктамаларда) төмөнкүдөй жаңылыштыктар болушу мүмкүн: 1) аныктама четке кагууну гана камтыйт; 2) аныктама абдан тар мүнөзгө ээ; 3) аныктама өтө кең мүнөзгө ээ; 4) аныктама өзү үчүн гана керектүү түшүнүктөрдөн турат; 5) аныктама керектүү түшүнүктүн мазмунуна эмес, көлөмүнө көп көңүл буруу м-н аталган түшүнүктүн аныктамасына караганда верфикациясына ооп кетет.