ДИАЛЕКТИКАЛЫК ТЕОЛОГИЯ

ДИАЛЕКТИКАЛЫК ТЕОЛОГИЯ (кризистин теориясы) — евангелиелик теологиядагы 20-к-дын 20-30- жылдарда пайда болгон агым; өзүнүн келип чыгуусу ж-а теориялык жоболору б-ча экзистенциализмге абдан жакын, «диалектикалык» деген түшүнүк философиялык мазмунга толук каныккан эмес, ал адамдын өзүнө карама-каршы турган суверендүү кудай м-н пикир алышуу учурундагы ойдун ишин түшүндүрөт. Д. т. интеллектуалдуу теологиялык агым катары (1921-1933) диний ойчулдар тарабынан төмөнкүдөй аталыштар м-н белгилүү болгон: Д. т. (К. Барт), «Жаңы Осуятты демифологизациялоонун» теологиясы (Р. Бультман), универсалдуу теология (П. Тиллих), «жансыз (өлгөн) кудайдын» теологиясы (Д. Банхеффер), эсхатологиялык теология (Р. Нибур), үмүттүн теологиясы (Ю. Мольтман), революциянын теологиясы (М. Шретер) ж. б.

Аталган агымдын өкүлдөрүнө биринчи дүйнөлүк согуштан кийин интеллектуалдык чөйрөгө тез жайыла баштаган даниялык философ С. Кьеркегордун ж-а М. Хайдеггердин экзистенциализми күчтүү таасир берген. Акырындык м-н Д. т. бирдиктүү окуунун нугунан чыгып, анын өкүлдөрүнүн ортосунда пикир келишпестиктер башталган. Жалпы жонунан бул агымдын ойчулдары 20-к-дын башында үстөмдүк кылган «диний» адамга берилген тарыхый ж-а психологиялык түшүндүрмөлөргө каршы чыгып, Библияда Кудай, Кудайдын аяны, Кудайдын амири, Кудайдын падышачылыгы ж. б. түшүнүктөргө илимий аныктама берүүгө ж-а алардын маани-маңызын түшүнүүгө аракет кылышкан. Д. т-нын бир катар өкүлдөрү азыркы учурдагы философия м-н теологиянын өнүгүшүнө зор таасир беришкен.