«ДИВАН ЛУГАТ АТ-ТҮРК», «Түркий тилдер сөз жыйнагы»

«ДИВАН ЛУГАТ АТ-ТҮРК», «Түркий тилдер сөз жыйнагы» – улуу аалым Махмуд Кашгари 1072–77-ж. жазган энциклопедиялык сөздүк. Сөздүктө түрк тилдүү элдердин (чигил, йагма, карлук, оргу, кыргыз, огуз, тухси, уйгур, кыпчак ж. б.) тилдериндеги 7500дөй сөз камтылып, арабчага которулган. 300гө жакын макал-лакап, 100 чамалуу ыр, шаар, кыштак аталыштар, уруу аттары, түрк урууларынын тарыхы, жайгашкан аймактары ж. б. маалыматтар берилген. Бизге анын 1266-ж. 1-августта Абу Бекр ас-Сави азДимашкы көчүргөн нускасы гана жеткен. Көчүрмө нуска Стамбул ш-ндагы (Түркия) Улуттук китепканада сакталууда. Аны килистик мугалим Рифат Билге 1915–17-ж. Стамбулда үч томдук кылып жарыялаган. Түркчө, өзбекче, англисче, казакча, уйгурча котормолору, немисче индекс сөздүгү басмадан жарык көрдү. Кыргыз тилинде айрым үзүндүлөрү жарыяланган.