ДИН ЖАНА САЯСАТ

ДИН ЖАНА САЯСАТ. Коомдук аң-сезимдин формасы катары дин коомдун саясий турмушунда маанилүү ролду  ойнойт. Диндик текстерде адамдардын кылган иш-аракеттери кудайдан келди деген ойлор, түрдүүчө насыяттар, үгүттөр,  ар кыл аңгемелер, кудайга кулдук уруу, таазим кылуу, адам баласы бул жалган дүйнөдө жүрүп жыргай турган, тиги чын  дүйнөгө кам көрө турган көрсөтмөлөр камтылган. Динге ишенгендер өзгөчө жаштардын жана аялдардын арасында көп  кездешет. Акыркы мезгилдерде жаштардын жана аялдардын коомдук турмушка, ички саясий жана эл аралык  проблемаларды чечүүгө көбүрөөк тартылышы менен диндик уюмдардын саясатка катышуу агымы күчөөдө.  Коммунисттик режимдин кулашы менен мурда марксизм-ленинизм духунда, атеист болуп тарбияланып калган жаштар,  эми өзү менен өзү болуп, мектептен (мурдагыдай маданий-агартуу мекемелери да иштебейт) тийиштүү деңгээлде тарбия  ала албай жаткан учуру. Ушундай шартта көптөгөн кыргыз жаштары ислам динине, андан тышкары христиан ж. б.  диндерге көбүрөөк берилип, саны күн сайын көбөйүп барат. Кайсы динге ишенүү же ишенбөө ар бир адамдын укугу  жана эркиндигине кирет. Бир улуттун өкүлдөрү бир эле динди тутканы зарыл. Себеби, бир эле элдин, улуттун ичинде  диндик айырмачылыктарга негизделген карама-каршылыктардан улам узакка созулган согуштар болгондугун тарых  айгинелейт. Азыркы Югославиядагы уланып жаткан кайгылуу окуялар да буга мисал.