ДҮЙНӨНҮН ИЛИМИЙ СЫПАТЫ

ДҮЙНӨНҮН ИЛИМИЙ СЫПАТЫ (картинасы) — жаратылыштын жалпы касиеттери ж-а илимий ченемдери туурасында табият таануунун негизги илимий түшүнүктөрүн ж-а принциптерин жалпылоонун ж-а синтездөөнүн натыйжасында келип чыккан туташ бүтүн система. Д. и. с-нын дүйнө тааным ж-а методологиялык базасы материалисттик диалектика болуп саналат. Д-нүн жалпы илимий сыпаты м-н изилдөө предмети б-ча жакын болгон айрым илимдердин (физикалык, астрономиялык, биологиялык ж. б.) дүйнө сыпаты айырмаланышат. Алгачкы дүйнө сыпаты антика философиясынын алкагында түзүлгөн ж-а натурфилософиялык мүнөздө болгон. 16-17-к. илимий табият таануу пайда болгон доордон баштап, Д. и. с. калыптана баштайт. Таанымдын көч башындагы (лидерчилик кылган) илим областы Д. и. с-нын жалпы системасында аныктоочу элемент болуп калат. 20-к-дын илимий табият таануусунда д. физикалык с. мына ошондой орунда турса. 21-к-да Д. и. с-нын бет ачаары маалыматтык сыпат ээлөөдө. Д. и. с. структурасынан башкы эки: концептуалдык (түшүндүрмө) ж-а сезип-туюлган образдуу негизги компонентти бөлүп көрсөтүүгө болот. Концептуалдык компонент философиялык категориялар (материя, кыймыл, мейкиндик ж. б.) ж-а принциптер (дүйнөнүн материалдуу биримдиги, бүткүл жалпы кубулуштардын өз ара байланыштуулугу ж-а шартташуусу) м-н жалпы илимий түшүнүктөр ж-а мыйзамдар (мис., энергиянын сакталуу ж-а айлануу закону), ошондой эле айрым илимдердин фундаменталдуу түшүнүктөрү (талаа, заттык, энергия, Аалам, биологиялык түр, ж. б.) м-н берилет. Д. и. с-нын сезип-туюлган образдуу негизги компоненттери — жаратылыш ж-дө көрсөтмөлүү түшүнүктөрдүн жыйындысы (мис., атомдун планетардык модели, кеңейүүчү сфера түрдө метагаллактиканын түспөлү сыяктанса, айлануучу чимирикке электрондун спини ж-дө түшүнүк окшош). Д. и. с. башка илимге чейинки ж-а илимий (мис., динчил) сыпаттан айырмасы мында, ал белгилүү бир фундаменталдык илимий теорияга (же теорияларга) негизделет. мис., 17-19-к- дардагы Д. физ. с. классикалык механиканын базасында түзүлгөн. Азыркы учурдагы Д. и. с. квант механикасынын, о. эле салыштырмалуулуктун атайын ж-а жалпы теориясына негизделип түзүлгөн. Экинчи жагынан алганда фундаменталдык илимий теория Д. И. С. өзүнүн интерпретациясы үчүн каражат табат. Д. и. к. жалпы илимий фон үчүн, анын анализи үчүн шарт түзөт. Д. и. с. системалашкан илимий билимдердин формасы иретинде илимий теориядан айырмаланат. Эгер Д. и. с. билим алуу процессинен четтеп объектини чагылдырса, илимий теория объекти ж-дө билимдерди системалаштыруунун логикалык каражатын, о. эле алардын акыйкатын тактап айтканда (эксперименталдуу) өз ичине камтыйт. Д. и. с. фундаменталдык илимий термин түзүү процессинде эвристикалык роль аткарат. Д. и. с. көз караштын анын калыптануусунун таасирдүү жолу болуу м-н бирге аны м-н тыгыз байланышкан. Ал көз караш м-н илимий теориянын ортосундагы байланыштыруучу арадагы тизмек болуп саналат. Д. и. с. туруктуу өнүгүүдө болот, анда илимий революциянын жүрүшүндө сапаттык өзгөрүүлөр (д. эски сыпаты жаңысы м-н алмашат) болуп өтөт.