ЖАМААТ

ЖАМААТ (Община) — өздүк мүчөлөрдүн биргелешкен ишмердүүлүгү м-н бириктирилген ж-а жергиликтүү өзүн өзү башкарган системага ээ социалдык майда уюм. Алгачкы Ж-тык коомдо уруулук Ж. өндүрүштүк, үй- бүлөлүк, тиричиликтик, идеологиялык функцияларды жөнгө салган негизги организм болуп саналган. Коомдук мамилелердин андан ары өнүгүшүнө байланыштуу региондук (азиялык, европалык) ж-а функционалдуу (айылдык, коммуналдык, конфессионалдык, улуттук ж. б.) Ж-тар пайда болгон. Азиялык коңшулук Ж-ы узак мезгилдер бою ишмердүүлүктүн биргелешкен өндүрүш, биргелешкен ырым-жырым сыяктуу түрлөрүнүн функциясын аткарып келген. Европалык типтеги дыйканчылык Ж-та жалпы менчиктин (ээн жаткан жер же жайыт) элементтери гана сакталып калган. Феодалдык коомдо дыйканчылык, коңшулук Ж-тар карама-каршы функцияларды аткарышкан. Бир жагынан бул өз мүчөлөрүн калкалап алууга жөндөмдүү демократтык институт болуп саналса, экинчи жагынан Ж. мамлекет ж-а жеке адамдар тарабынан фискалдуу максаттарда (мис., коллективдүү жумушта ар бир мүчөнүн бири бирине кепил болуп, ал үчүн жооптуу болуусу сыяктуу круговая порука формасында) пайдаланылган. Рыноктук, капиталисттик мамилелер айылдык Ж-тарды талкалап, алардын ордуна фермердик чарбалар ж-а латифундистер пайда болот. Капитализмдин шартында цехтер ж-а гильдиялар өңдүү шаардык Ж-тар да талкаланып жок болот.

Бирок, Азиянын, Африканын ж-а Американын айылдык Ж-тары азыркы чейин сакталып, өз жашоосун улантууда. Учурдагы коом үчүн конфессионалдуу, улуттук ж-а коммуналдык Ж-тар мүнөздүү. Тике демократиянын мындай институттары коомдогу маанисин жогото элек.