ЖАН-ЖАК Руссо

ЖАН-ЖАК Руссо (1712–1778) француз жазуучусу жана философу – граждандык коомду мамлекетке кайра курулган  коом катары мүнөздөйт жана аны коомдук келишимдин жардамы менен тактайт. «Коомдук келишим жана саясий  укуктун принциптери» – деген эмгегинде Руссо элдик суверенитетти жактайт, элдин абсолютизмди кулатуу жана  демократиялык түрдө шайланган өкмөттү бийликтен четтетүү укугу бар экендигин негиздейт. Ушул эмгегинде  граждандык коом түшүнүгүн иш тажрыйба негизинде иштеп чыкты. Мындай саясий организмдин маңызы баш ийүүнү  жана эркиндикти бир келишимге келтирүү экендигин көрсөтөт. Ал, элдик суверенитетинин принцибин жүзөгө ашыруу  жалпы иш, – бул бардыгынын жана ар биринин башкарууга катышуусу, бул эркин жана көз каранды эмес элдин  жашашынын ийгиликке жетишиши, эркин жана тең укуктуу граждандардын жалпылыгы. Элдик суверенитет өзүнүн  өкүлдөрүнө жана аткаруучу бийликке реалдуу көзөмөлдөө жүргүзүү деп баса белгилеген.