ЖАШОО

ЖАШОО (лат. ex(s) istentia, ex(s) isto — жашайм) — болмуштун ж-а анын маани-маңызын, бардык түрдүү нерселердин-буюмдардын, учурлардын, түшүнүктөрдүн өз ара байланыштарын, өзгөрүүлөрүн ж-а аракеттенишүүлөрүн бириктирип турган онтология түшүнүгү болуп эсептелет. Философиянын тарыхында түшүнүгү көбүнчө нерселердин, буюмдардын тажрыйба аркылуу гана аңдалып-билинген сырткы гана болмушу катарында колдонулуп келген. Аныгында болсо, жашоону ж-а маңызды (сущность), болмуш ж-а өзгөрүп-өсүшү ажыралып терең ички биримдикте кароо гана Ж. түшүнүгүн толук билүүгө мүмкүндүк берет. Ж. м-н маңызды болмуштун эки мааниси катарында биринчи жолу Авиценнанын таасири м-н Швейцариялык анарахист Дж. Гильом айырмалаган. Ал б-ча Ж. нерсенин, буюмдун маңызын аныктоого кирбейт; болмуш да субстанция катарында өзүнүн акциоденциясынан тышкары турат. Ф. Аквинскийдин философиясында мындай айырмалоо-жашоо ж-а маңыз болмуштун эки башталышын айырмалоо болот деп өткөрүлөт. Болмуш-аракет, дейт Фома, ал Кудайдын эң жогорку реалдуулугу. Башка бардык макулук дүйнө нерселерде маңыз ж-а жашоо бири-бирине дал келбейт. Жан (душа) форма катарында денеге (тело) жашоо берет, а өзү жашоону Кудайдан алат. Ж. маңыздын чеги, б. а. идеалдуулугу болуп чыгып турат. Жаңы доор мезгилинде Ж. түшүнүгү сезим тажрыйбасында (эмпиризм) айрым фактылардын реалдуулугун же рационалдуу акылдын реалдуулугун белгилөөгө колдонулган. И. Кантта болсо Ж. нерсенин аңдап-билүү субъектисине жасаган мамилесин белгилөөчү категория. С. Карьеркегор өзүнүн экзистенциалдык «үлгү» философиясында Ж. жаңы мааниде уникалдуу, жекелик, инсандык, чектүү Адам болмушу деп түшүнөт. Бул түшүнүү б-ча Ж. 20-к-дагы экзистенциялык философия (С. К. Ясперс, М. Хайдеггер) үчүн борбордук түшүнүк болуп калууда. Маңыз ж-а кубулуш-дүйнөдөгү бардык объектердин ж-а процесстердин жалпы зарыл жактарын чагылдыруучу философиялык категориялар. Маңыз-материалдык, аң-сезимдик системанын өнүгүүсүнүн негизги, фундаменталдуу белгиси, өзгөчөлүгүн ж-а тенденциясын аныктоочу терең байланыштардын, мамилелердин ж-а ички мыйзамченемдүүлүктөрдүн топтому. Кубулуш-маңыз м-н шартташкан системанын касиеттери, белгилери, мамилелери. Бардык системалар өздөрүнүн мазмунуна себеп-натыйжа байланыштарын кошуу м-н өз ара шартташып ж-а шарт коюшуп турушат. Өз ара шартташпаган ж-а шарт коюшпаган бир дагы система болбойт. Билинип-көрүнбөгөн маңыз болбойт, маңызсыз кубулуш да болбойт. Маңыз м-н кубулуш ажырагыс байланышкан. Кубулуштар эки типте болот: 1) бирдей окшоштор ж-а 2) бирдей окшош эместер (окшош сыяктануу, өңдөнүү; сырткы эле көрүнүш). Сыртынан окшош сыяктанып көрүнгөн кубулуштар эки түрдүү болушат: а) ички маңыздуулар ж-а б) кондиционалдуулар (маңыз аралыктуулар). Кубулушта зарылдыктан, жалпылыктан, маанилүү-олуттуудан башка дагы бир катар кокустуктар индивидуалдыктар, убактылуу моменттер (кырдаалдар, учурлар) болот. Кеңирлик, көлөмдүк касиеттери б-ча кубулуш маңызга караганда бай, бирок, тереңдик мааниси б-ча маңыз кубулуштан бай болот. Кубулуш маңыздын көп жактарынын бирөөнү билдирет, бирок, анын бүткүл маңызына эч качан толук дал келбейт. Аңдап-билүү процессинде эң башкысы негизинен системанын негизги мыйзамын билдирген маңызды кармап, анын жалпы, алдыңкы структурасын (түзүлүшүн) ачып көрсөтүү маанилүү. Муну м-н маңыздын деңгээлдеринин диалектикасына конкреттүүлүк киргизилет, ошону м-н бирге дайыма өнүгүп, модификацияланып турган маңыздын деңгээлдеринин андан ары да аракетке келип өнүгүшүнө жол ачат. Маңыздын деңгээлдүү (толук бүтпөгөн багыныңкы). Мис., өз кезегинде химиялык элементтин негизги касиети атом салмагы деп эсептелген. Кийин мындай касиет болуп атом ядросунун заряды (электрдик кубаты) эсептелери аныкталды. Ошентип, «атом салмагы» деген маанилүү маңыз түшүнүк өзүнөн да жогорку деңгээлде турган «атом ядросунун заряды» деген маанилүү маңыз түшүнүгү аркылуу аныкталды.