ЖАШТАР

ЖАШТАР — тигил же бул социалык-психологиялык касиеттеринин өзгөчөлүгү социалдык абалы м-н шартталган, жаш курактык белгилери негизинде айырмаланган социалдык-демографиялык топ. Жаштык, белгилүү бир фаза, биологиялык жашоонун этабы, бирок анын конкреттүү курактык алкагы социалдык статусу ж-а социалдык-психологиялык өзгөчөлүгү социалдык-тарыхый табиятка ээ ж-а социалдашуусу коомдук түзүлүштөн, маданияттан ж-а жашап турган коомдун мыйзамченемдүүлүгүнөн көз каранды. Тапсыз коомдо Ж. социалдык белгилери көбүнчө табигый-биологиялык белгилер м-н байланышат. Таптык коомдо индивиддин коомдогу орду — артыкчылыктары жаш курагы м-н эмес, социалдык тегине ж-а байлык ээлигине жараша аныкталат. Азыркы заманда социалдык жетилүү критерийлери татаалдашкан. Өз алдынча турмуш күтүү, билим алуу ж-а туруктуу кесипке ээ болуу, саясий ж-а граждандык укуктарга ээ болуу, ата-энеден материалдык көз каранды болбоо, никеге туруу, балалуу болуу сыяктуу баралына келип, социалдык статуска жетишүү баары бир мезгилде боло койбойт. Буларга жетишүү улантуучулугу да баарында бирдей эмес, ошондой эле ар кайсы социалдык катмарда ар кандай. Мындан ар кандай авторлор жаштыктын чегин 14 м-н 16жаштан баштап 25 м-н 30 жаштын аралыгын көрсөтүшөт. Социалдашуу процесси да татаалдашууда. Инсандын калыптануусуна социалдык факторлор: үй-бүлө, мектеп, эмгек жамаат, коом, теңтуштар, жаштар же формал эмес уюмдар, массалык маалымат каражаттары ж. б. Ар кандай коомдук системада Ж-дын ээлеген абалы ар кандай. Ж. социалдык салмакка ээ болуу үчүн жаштар кыймылдарынын болушу маанилүү.