ЖАҢЫ ДООРДОГУ БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ (1964—1990-жж.)

Калктын билим деңгээлин көтөрүүдө жалпы билим берүүчү мектептердин ролун жакшы түшүнгөн партиялык-мамлекеттик жетекчилик сегизинчи беш жылдыкта (1966-1970-жж.) жалпыга милдеттүү орто билимге өтүүнү, ал эми тогузунчу беш жылдыкта (1971-1975-жж.) бул ишти толук аяктоо милдетин койгон. Кыргызстанда бул милдетти аткаруу үчүн биринчи кезекте жалпы билим берүүчү мектептердин материалдык-техникалык базасын чындоого көңүл бурулган. 1966-1985-жж. республикада 756 миң орундуу 859 мектеп курулган.

1985-1986-окуу жылында Кыргызстандагы 1654 жалпы билим берүүчү мектептердин 1375, же 83 пайызы айыл-кыштактарда жайгашкан.

1966-1967-жж. республиканын мектептери жаңы окуу пландарына жана программаларына өткөрүлгөн. 1984-ж. СССРде толук эмес орто билим берүү системасы сегизинчи класстан тогузунчу класска көтөрүлгөн. 1980-ж. окуучуларды окуу китептери менен камсыз кылуу иши толук аяктаган.

Республикада 1965-1985-жж. жалпыга милдеттүү 10 жылдык орто билимге өтүүнү аяктоо ишинде бир топ ийгиликтер болгон.

1966-ж. майда Кыргыз ССР Министрлер Советинин алдындагы Кесиптик-техникалык билим берүү боюнча Башкы башкармасы Кыргыз ССРинин Министрлер Советинин мамлекеттик Комитетине айланган. Бул комитеттин аракетинин натыйжасында республикада жаштарга кесиптик-техникалык билим берүү иши бир кыйла жакшырган. Республиканын экономикасынын негизин түзгөн айыл чарбасы үчүн адистерди даярдоого өзгөчө көңүл бурулган. 1965-ж. республикада 17 айылдык кесиптик-техникалык окуу жайлары болуп, аларда 5,2 миң окуучу билим алган. 1990-ж. мындай окуу жайлардын саны 118ге жетип, аларда 56 адистик боюнча 57 миң окуучу окуган.

Бул жылдары жогорку жана атайын билим берүү иши да өркүндөтүлгөн. 1965-1968-жж. Фрунзедеги политехникалык, медициналык, айыл чарба, дене тарбия, Пржевальскидеги педагогикалык институттардын жаңы окуу имараттары курулган. 1967-ж. Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институту ачылып, республикада музыкалык билим берүүчү борборго айланган. Фрунзеде музыкалык-педагогикалык, Пржевальск, Ош, Нарын педагогикалык окуу жайлары, курулуш, соода, автожол техникумдары адистерди даярдап чыгара баштаган.

Жогорку квалификациядагы адистерди даярдоодогу салымы үчүн Кыргыз Мамлекеттик университети 1973-ж. Эмгек Кызыл Туу ордени менен сыйланган. Буга чейин университет 40 миң адис даярдаган. 1990-ж. анын 13 факультетинде 13 миң студент 23 адистик боюнча билим алган. Университеттин 76 кафедрасында 950 окутуучу эмгектенген. Алардын ичинде илимдин 39 докторлору, профессорлор, илимдин 320 кандидаттары, доценттер болгон.

Айыл чарбасы үчүн адистерди даярдоодо Кыргыз айыл чарба институту чоң салым кошкон. Бул институт 1983-ж. «Ардак Белгиси» орденине татыктуу болгон. Жарым кылымда институт 15,3 миң адис даярдаган. Институтта 350 окутуучу, анын ичинен илимдин 10 докторлору, профессорлор, илимдин 137 кандидаттары эмгектенген.

Фрунзе политехникалык инстнтуту инженердик кадрларды даярдоонун ири борборуна айланган. Анда эмгектенген 962 окутуучу, 11,2 миң студенттерди 12 адисттик боюнча даярдашкан. Республика үчүн педагогикалык адистерди даярдоодо Кыргыз кыз-келиндер, Ош мамлекеттик педагогикалык, Пржевальск педагогикалык, Фрунзедеги орус тил жана адабият институттары бараандуу салым кошушкан.

1985-ж. республикада 10 жогорку окуу жайы жана 45 атайын окуу жайлары иштеген. Аларда 109,1 миң студент билим алган. Жогорку окуу жайларын орто эсеп менен жылына 9,5 миң, атайын орто окуу жайларын 13,6 миң адистер бүтүрүп турган.

1989-1990-окуу жылында Кыргызстанда 9 жогорку жана 48 атайын орто окуу жайлары иштеп, аларда 205 миң студент билим алган, булардын 94,6 миңи жогорку окуу жайларынын студенттери болушкан. 80-жж. республиканын жогорку окуу жайлары орто эсеп менен жылына 10 миңден, ал эми атайын орто окуу жайлары 14 миңден адистерди чыгарып турган. 1989-ж. Кыргызстандын эл чарбасында 180 миң жогорку жана атайын орто билимдүү адистер эмгектенген, бул 1960-ж. салыштырганда 5,4 эсеге көптүк кылган.

1990-жж. илимдин ролу жана мааниси көтөрүлгөн. Илнмдин техникалык, физика-математикалык, тоо-кен, химия, биология, коом таануу тармактары өнүккөн. Окумуштуулардын изилдөөлөрү республиканын жаратылыш жана коомдук ресурстарын эл чарбасына көбүрөөк тартууга, алардын натыйжалуулугун көтөрүүгө багытталган. 1975-ж. илим изилдөөдөгү жана илим кадрларын даярдоодо жетишкендиктери үчүн Кыргыз ССР Илимдер Академиясы Эл достугу ордени менен сыйланган. 1979-ж. 20-декабрда академиянын 25 жылдыгы белгиленген. Бул мезгилде илимдер академиясында 17 илимий мекемелерди бириктирген үч бөлүм иштеген. Аларда 1,2 миң окумуштуу эмгектенген. Алардын 26 академик, 32 корреспондент мүчө, 75 илимдин докторлору жана 512 илимдин кандидаттары болгон.

Академия СССРдин, Кыргыз ССРинин чарбасынын жетишкендиктеринии көргөзмөсүнүн 52 медалын, 180 дипломдорун алган. Окумуштуулар эки жолу СССРдин мамлекеттик, 40 окумуштуу Кыргыз ССРинин мамлекеттик сыйлыктарына татыктуу болушкан.

Бир кезде союздук масштабда илимий ачылыштары менен даңазаланып турган Кыргызстандын илими 80-жж. аягында кризиске учураган. Көп эмгек менен даярдалган илимий адистер башка республикаларга же коммерциялык багытка өтүп кетүүгө мажбур болушкан.

Өскөн ОСМОНОВ — Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мучөсү, тарых илимдеринин доктору, профессор