ЖЕКЕЛИК ЖАНА ЖАЛПЫЛЫК

ЖЕКЕЛИК ЖАНА ЖАЛПЫЛЫК (единичное и общее) — өзүлөрүнүн эриш-аркактыгы м-н мыйзам ченемдүүлүк м-н кайталанып туруучу ж-а кокустан да кездешүүчү адам ишмердигинде стандарттуу ж-а уникалдуу, турмушта адаттагыдай ж-а күтүлбөгөндөй жолуга берүүчү дүйнө кубулуштарындагы окшоштуктар м-н айырмачылыктардын тең салмактуулугун туюндурган философиялык категориялар. Жекелик — болмуштун ушул гана көрүнүшүндө болгон, башка эч жерде кездешпеген ж-а эч жерде кайталанбаган көрүнүш. Жалпылык — көптөгөн «жекеликтерге» мүнөздүү келип, мезгил м-н мейкиндиктин ар кандай аралыктарында кайталана берүүчү түрлөрдүн маңызынын (идеянын, мыйзамдын, принциптердин) көрүнүшү. Жекеликтин тескерисинче, жалпылык категориясы биздин көңүлүбүздү ар түрдүү «жекеликтерди» эмне жакындатып ж-а бириктирип турганына бурат да, индивидуализм м-н изоляционизмге каршы келет.