ЖЕРГИЛИКТҮҮ КООМДОШТУКТАР

ЖЕРГИЛИКТҮҮ КООМДОШТУКТАР – айылдык (кыштактык), поселкалык жана шаардык кеңештердин  аймактарында туруктуу жашаган калктын, жергиликтүү маанидеги маселелерди өздөрүнүн өкүлчүлүктүү, аткаруучутескөөчү жана башка органдары аркылуу чечүү үчүн жалпы таламдарда бирикмеси. Жергиликтүү коомдоштук Кыргыз  Республикасындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун баштапкы деңгээли болуп саналат. Жергиликтүү  коомдоштуктун өкүлчүлүктүү органдары – айылдык (кыштактык), поселкалык жана шаардык кеңештер, тике жана  жашыруун добуш берүү менен калк тарабынан шайланган депутаттардан турат. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү  коомдоштук аймагында жашабаган, бирок аталган аймакта кыймылсыз мүлктү менчиктеген, жергиликтүү бюджетке  салык төлөгөн жана жергиликтүү коомчулуктун ишине катышууну каалаган гражданы ага мүчө боло алат, жергиликтүү  өкүлчүлүк органдарын шайлоого катышуу укугуна ээ.