ЖЕРГИЛИКТҮҮ ӨЗ АЛДЫНЧА БАШКАРУУ

ЖЕРГИЛИКТҮҮ ӨЗ АЛДЫНЧА БАШКАРУУ – тийиштүү аймактагы жамааттардын мыйзамдын чегинде, өз  жоопкерчилиги алдында, элдин кызыкчылыгынан, анын тарыхый, маданий жана башка жергиликтүү салттарынан келип  чыккан маанидеги иштерди, өкүлчүлүк, аткаруучу органдары аркылуу жана граждандардын түздөн-түз катышуусу менен  башкаруудагы ишмердиги жана укугу. Өз алдынча башкаруу болгондо белгилүү бир аймактын жергиликтүү жамааттары  жана өзүнүн бийлик-укуктары бар шайланма органдары юридикалык статуска ээ болушат. Алар мамлекеттик  башкаруунун бөлүгү эмес. Эреже катары, эгер өкмөт жалпы улуттук маселелерди (эл каттооо, шайлоолорду өткөрүү ж.  б.) чечип калса, анда ал өз алдынча башкарууга таяна албайт, анткени өз алдынча башкаруу органдары мамлекеттик  структурага кирбейт. Дүйнөлүк практикада, өз алдынча башкаруу, бардык эле юридикалык жак сыяктуу, мамлекеттик  кызмат системасына кирбейт, бирок, албетте, өкмөттүк мекемелер менен кызматташат. Саясий функцияларды аткарыш  үчүн өкмөт жер-жерлерде өзүнүн башкаруу органдарын, кызматчы адамдарын дайындайт. АКШда жер-жерлерде  федералдык мыйзамдарды ишке ашырууга департаменттердин региондук бөлүмдөрү жооп берет. Бул бөлүмдөр  жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасынан, уюштуруу жагынан сыртта турат. Өз алдынча башкаруу мамлекеттин  агенти эмес жана саясий маселелер менен байланышпаган. Өз алдынча башкарууга администрациялык өз алдынчалыкты  берүү менен мамлекет өз алдынча башкаруу органдарынын үстүнөн көзөмөлдөөгө кетчү каражаттарын чектейт.  Жергиликтүү өз алдынча башкарууга таасир этүүгө, аны көзөмөлдөөгө мамлекеттин үч негизги мүмкүнчүлүгү бар:  — мамлекет мыйзамдарды чыгарат. Бул мыйзамдарга бардык юридикалык жактар сыяктуу эле жергиликтүү өз алдынча  башкаруу да баш ийет;  — мамлекет финансылык көзөмөлдөө каражаттарына ээ. Борбордон финансылык колдоо болбосо жергиликтүү өз  алдынча башкаруу өз ишмердигин жүргүзүү албайт. Финансылык жактан колдоо көрсөтүү менен бирге мамлекет өз  алдынча башкарууга тигил же бул мамлекеттик ишти аткаруу шарттарын кое алат;  — өз алдынча башкаруу тигил же бул мыйзамды бузуп, өзүнүн бийлик-укук алкагынан сыртка чыккан иштерди жазаса,  анда мамлекеттин сотко кайрылуу укугу бар. Сот экөөнү тең бирдей кароого милдеттүү, ошондуктан мамлекеттик орган  сотко кайрылуу менен өзү утулуп калышы да мүмкүн.  Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун бүгүнкү күндөгү жалпы аныктамасы 1985-жылы 15-октябрда Европа Кеңеши  кабыл алган “Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун Европалык Хартиясында берилген: “Жергиликтүү өз алдынча  башкаруу органдарынын мыйзамдын чегинде аракеттенип, өзүнүн жоопкерчилиги алдында жана жергиликтүү элдин  кызыкчылыгы үчүн мамлекеттик иштердин белгилөө бир бөлүгүн өзүнө алып жана аны башкарууга укугу жана иш  жүзүндө жөндөмдүүлүгү ЖӨАБ деп аталат.

Бул укук эркин, жашыруун, тең, тике жана жалпы добуш берүү менен  шайланган мүчөлөрдөн турган Кеңештер же жыйындар аркылуу ишке ашырылат. Кеңештердин же жыйындардын  алдында аларга отчет берип туруучу аткаруу органдардын болушу мүмкүн. Ж. ө. а. б. элдик бийликтин өзгөчө институту  болуп эсептелет. Конституциялык түзүлүштөрү ар түрдүү болгон мамлекеттерде, жада калса бир эле мамлекеттин  ичинде анын өнүгүүсүнүн ар кандай этаптарында Ж. ө. а. б. ар түр-дүүчө болушу мүмкүн. Ж. ө. а. б-нун өз алдынча  башкаруунун уюштуруу формалары, анын органдарынын бийлик-укуктары, ал органдардын укуктарын коргоонун  ыкмалары абдан көп түрдүү. Бирок ошентсе да бардыгына бирдей, жалпы баалуулуктар бар. Эң башкысы – бул  жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жергиликтүү маанидеги иштерди, граждандардын тикелей же шайлоо органдары  аркылуу ишке ашыруучу, мыйзамдын чегинде, бирок борбордук башкаруунун кийлигишүүсүз бийлиги. Кыргыз  Республикасынын Конституциясынын 91-статьясында Ж. ө. а. б. түшүнүгүнө мындайча маани берилген: “Кыргыз  Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкаруу жергиликтүү коомдоштуктар тарабынан ишке ашырылат, алар  мыйзамдын чегинде жана өз жоопкерчилиги астында жергиликтүү маанидеги иштерди башкарат. Ж. ө. а. б.  органдарынын бири-бири менен жана мамлекеттик башкаруу органдары менен болгон мамилелерине ылайык,  англосаксондук (англиялык) жана континенталдык (француздук) моделдер жергиликтүү башкаруунун негизги моделдери  болуп эсептелет. Англосаксондук моделге ылайык, жергиликтүү өкүлчүлүк органдар өздө-рүнө берилген бийликукуктардын чегинде өз алдынча иш алып барышат жана төмөнкү органдар жогоркуларга түздөн-түз баш ийишпейт.  Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердигине “көз салып” туруучу мамлекеттик башкаруу  органдарынын ыйгарымдуу өкүлүнөн жергиликтүү деңгээлде жоктугу, өлкөдөгү жүрүп жаткан борбордук жана  жергиликтүү деңгээлдердеги саясий процесстердин белгилүү бир деңгээлде биринен-бири бөлүнүп тургандыгы, бул  моделдин мүнөздүү белгилеринин бири. Англосаксондук моделге тиешелүү өлкөлөрдө жергиликтүү өз алдынча  башкаруу бийлигине көзөмөл жүргүзүү кыйыр түрүндө, борбордук министрликтер аркылуу болуп, жергиликтүү бийлик  өз укуктарын жана жергиликтүү кызыкчылыктарын сот органдары аркылуу коргоп алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ.  Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун континенталдык моделине ылайык жергиликтүү деңгээлде тикелей мамлекеттик  башкаруу жергиликтүү өз алдынча башкаруу менен айкалышкан. Континенталдык моделдин алкагындагы өлкөлөрдө  мамлекеттик администрациянын өкүлдөрү жергиликтүү өкүлчүлүк бийликтин ишмердигинин үстүнөн көзөмөл жүргүзүү  менен бирге, бийликтин ушул, жергиликтүү деңгээлинде бир катар жалпы мамлекеттик мүнөздөгү функцияларды да  аткарышат.