ЖЕР ЖҮЗҮНДӨГҮ АДАМЗАТ

ЖЕР ЖҮЗҮНДӨГҮ АДАМЗАТ (Вселенское человечество) — негизги эки мааниси бар философема: 1. Коомдук, социалдык жаратылышы бирдей жалпы белгиси ж-а кызыкчылыгы бар бардык адамдардын жыйындысы. Адамзаттын жалпы кызыкчылыгы болуп жер жүзүндөгү жашоону улантуу, чогуу тиричилик кылуу, дүйнөлүк цивилизацияны, маданиятты өнүктү-рүү үчүн жалпы ишмердүүлүк, өнүгүүгө умтулуу, тарыхтын субьектиси катары бардык тармактардын прогрессине активдүү кол кабыш кылуу эсептелет; 2. Планетардык системанын чегинен чыгып, өзүнүн таасирин космостук мейкиндикке таратып, космостук процесстерин таасирдүү факторлорунун бири болуп калган адамзат. Бул мааниде ушул түшүнүк социалдык- утопиялык ой-пикирден тартып учурдагы табият ж-а социалдык-гуманитардык илимдердин теоретикалык иштеп чыгууларына чейин өзүнө камтыган ар түрдүү философиялык концепциялардын комплексинин ажырагыс бөлүгү катары каралат. Ошондой эле бул түшүнүк космосоциобиологиялык аракеттенишүү маселеси м-н байланышкан илимий-философиялык изилдөөлөрдүн тармагында өзгөчө орчундуу оорунду ээлейт.