ЖЕҢИЖОК КӨКӨ УУЛУ

ЖЕҢИЖОК (Өз аты-жөнү – Көкө  уулу Өтө; 1918)  – ырчы, төкмө  акын. Бала кезинен ата-энесинен ажырап, аталаш агасынын  үйүндө  чоңойгон. Кийин ооруганда болуштун буйругу  м-н куулуп, Аксыдагы оокаттуу таякелерине барып, ошол жерде орун-очок алып, өмүрүнүн акырына чейин жашаган. Аксыдан Нурмолдодон таалим алып, сабатын жойгон.

Акын Кыргызстан Россиянын курамында оторчулуктан ыдык көрүп жашаган чакта  өмүр кечирген. Теңсиздикке капталган карапайым калктын саясий сезими ойгонуп, оторчул саясатка нааразычылык ачык чыга баштаган. Жеңижок өз доорунун орчундуу проблемаларынан четте калган эмес. Табият, жашоо-тиричилик ж-а пенде баласынын коомдогу орду, анын өмүр-жашоосунун маани-мазмуну акындын чыгармаларында жогорку көркөмдүктө чечмеленген. Буга анын «Айт,  айт десе”, «Дүнүйө”, «Замана” деген ырлары мисал. Мына ушундай дүйнө  тааныткыч, идеялык-көркөмдүк жагынан акындык чыг-лыктын нукура берметтеринен болгон классикалык ырларынын бири «Аккан суу”. Ж. «Аккан сууну” жердин жети кабатынан жанып чыккан керемет күч, пенде баласынын жашоосуна дем берген улуу кыймылдын символу таризинде мүнөздөйт. «Аккан сууну” Ж. замандаштарынын эскерүүсүндө  жети күн, бир түн тынбай айткан. Жеңижоктун «Аккан суусу” Барпынын, Токтогулдун аты уйкаш ырларынан кадыресе айырмаланган.

Жеңижоктун кыргыз поэзиясында ээлеген орду ириде анын филос. чыгармаларына айланыштуу. Акын мейли аккан сууну ырдайбы же замана темасына кайрылабы, болбосо пенделик кайгы-касыретин ырга кошобу  –  баарында тең  анын инсандык  өзүнчөлүгү  таасын билинет, ар бир сап, акындык табылга Ж-ко гана тиешелүү  экени көрүнүп турат. Ж. табиятынан ыр жандуу, көркөм  өнөргө шыктуу жаралган жан болгон. Буга кошумча, Аксыга барып туруп калган Ж. сабатын ачып, айрым чыгыш  акындарынын, араб дин таануучуларынын эмгектери м-н таанышуу мүмкүнчүлүгүнө  ээ болгон. Мына ушул эки өңүттөн – оозеки ж-а жазма адабияттын ыктуу ашташынан Ж-тун кайталангыс акындык чыгармачылыгы пайда болгон. Жазма маданияттан азыктанып, көркөм сөздүн маани-мазмунун терең  түшүнгөн Ж.  өзүнүн жеке пенделик кайгы-касиретин ырга кошуудан тартынган эмес, баласы жоктугун, айыкпас дарттан азап чеккенин ал олуттуу түр м-н көркөмдөп чыккан. Кыргыз эл оозеки чыг-лыгында арыз-арман негизинен салт-туу формаларда чагылдырылчу. Ж. ушул көнүмүш салтты бузуп, өзүнүн жеке пенделик арманынан да чоң көркөмдүк маани-мазмун таба алган. Мына ушул ыңгай анын «Жалгыз тал м-н сүйлөшүү”, «Балам жок” деген ырларынан көрүнүп турат.  Жеңижок өзүнүн замандаш акындарынын бир тобу м-н айтышкан акын. Анын Нурмолдо, Эсенаман, Барпы, Эшманбет ж. б. акындар м-н айтышы белгилүү. Нурмолдо м-н негизинен табышмак айтыш үстөмдүк кылса, Эсенаман м-н болгон айтыш сөз тапкычтыкка негизделген. Эсенаман Ж-тун уруусу м-н тегин териштирип, өзүн андан бийик эсептерин санап өтөт. Ж. атаандашынын ар бир сөзүнө ыктуу жооп берип, айтышта жеңип чыккан. Барпы м-н айтыш негизинен аалам, дүйнө кубулуштары, жер үстүндөгү жан-жаныбарлар сапаттары сыпатталып айтылат.  Жеңижоктун чыгармаларында санат-насыят ырлары да басымдуу орунду ээлейт. Акын ар бир муун  өкүлүнө, жаш м-н карынын адеп-ыймандык тартиби тууралуу ой жүгүртөт. «Балалык” деген ырында ойноо кездин жыргалын  өзгөчө маашыркануу, бейгам учур тууралуу чын ыкластан кеп кылат. Акындын түшүнүгү б-ча, балалык өмүрдүн бейгам учуру эле эмес, мындан аркы адам турмушунда коштой жүрчү  кайгы м-н кубанычын, жеңиш м-н жеңилүүлөрүн, пенде турмушунун оош-кыйыштуу татаал жолунун башталышы да. Анын көркөмдүк жактан мыкты чыгармалары учурунда

бааланбай, убагында жыйналбай калган. Жеңижоктун: «Алган жарым тул калды, Ак куржун толо ыр калды” – деген ыр саптары бекер жеринен айтылбаган. Ал акындын ыймандай сыры, арылбас арманы. Акындын чыгармалары А. Жусупбеков тарабынан жыйналып, 1982-ж. «Жеңижок” деген ат м-н жарыкка чыккан.  «Залкар акындар” сериясынын 2 томдугуна КР

УИАсынын Кол жазмалар фондундагы материалдардын негизинде түзүлгөн жыйнак 2000-ж. жарык көргөн.

 

Материал «КЫРГЫЗ АДАБИЯТЫ ЭНЦИКЛОПЕДИЯЛЫК  ОКУУ КУРАЛЫ” китебинен алынды. БИШКЕК – 2004.  МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ ЖАНА ЭНЦИКЛОПЕДИЯ БОРБОРУ