ЖОК НЕРСЕ

ЖОК НЕРСЕ (Ничто) — бир катар философиялык системаларда конкреттүү маңыздын же болмуштун жоктугун же жашабастыгын белгилеген категория. Онтологиянын бар нерсе, маңыз, болмуш өңдүү түшүнүктөрүнө каршы келет. Философиянын тарыхында Ж. н. көп учурда жок болмуш түшүнүгү м-н тең маанилеш түшүнүк катары каралат; айрым учурда бул түшүнүктөр өз ара чектелген эмес. Ал тургай жок болмуш Ж. н-ге караганда абстрактуу формада чечмеленип, болмушту четке каккан түшүнүк катары сыпатталган. Ж. н. категориясы байыркы философияда онтологиянын калыптанышы м-н пайда болгон. Байыркы грек философиясында алгачкы жолу Ж. н. өз алдынча категория катары Демокриттин болмуш (атомдор) ж-а боштук (Ж. н.) тууралуу окуусунда кездешип, ал көптүктүн, кыймылдын ж-а өзгөрүүнүн зарыл шарты катары каралган. Софист Горгий Ж. н-ни элеаттардын болмуш түшүнүгүнүн тескери жагы катары чечмелеген. Болмушка (б. а. эйдостордун жыйындысына) карама-каршы башаттардын бири катары

Ж. н. Платон м-н Аристотелдин онтологиясында маанилүү роль ойнойт. Алар тарабынан болмуш ж-а ой жүгүртүүнүн көз карашында Ж. н. жок болмуш, ал эми эйдостордун биримдигинин көз карашында эйдостордон башка, аларга каршы келген материя (сезимдик дүйнө) катары чечмеленет. Өз алдынча турганда Ж. н. таза мүмкүндүк, идеяларга караганда пассивдүү ж-а көз каранды болмуш катары аныкталат. Плотиндин окуусунда платондук маанайдагы Ж. н. сакталат, бирок, анын жамандык (болмуштун кемчилиги, Ж. н-нин болмушка басып кирүүсү) түшүнүгү м-н тең маанилештирилет (кийин бул идея христиандык теодицея тарабынан кеңири колдонулган). Патристикада Ж. н. тууралуу антикалык түшүнүкдөр дүйнөнүн кудай тарабынан Ж. н-ден жаратылгандыгы тууралуу идеяны чечмелөө үчүн пайдаланылган (Филон Александрийский, Августин Аврелий ж. б.). 19-к-дагы ж-а 20-к-дын башындагы философияда Ж. н-ге кызыгуу салттуу метафизиканын кулашына байланыштуу бир кыйла солгундап кеткен. Шопенгауэр, Ницще ж-а Берксон Ж. н. түшүнүгүн ойлоого болбостугун баса көрсөтүшкөн. Ошого карабастан, 20-к-дын философиясындагы айрым агымдар Ж. н. проблемасын реставрациялоого умтулушкан (протестанттык ортодоксалдуу эмес теология, православиелик диний философия, экзистенциализм, өзгөчө Хайдеггер ж-а Сартр.