ЖООМАРТ БӨКӨНБАЕВ

БӨКӨНБАЕВ Жоомарт (1910 – Кетментөбө р-ну, 1944). Кыргыз адабиятынын баштоочуларынын бири. Жаш кезинде атасынан ажырап, өлгөндүн азабын бир тартса, өгөй атанын запкысын бир тартып, эрезеге жеткен. Окуйм деп дегдеген Жоомарт 1924–36-жылдары «Көкарт” балдар  үйүндө  тарбияланган. 1931-ж. Фрунзедеги педтехникумду, 1935-ж. Москвадагы Коммунисттик университеттин журналистика бөлүмүн бүтүргөн.

«Жер алган кедейлерге” деген алгачкы ыры 1927-ж. жарык көргөн. 1933-ж. «Эмгек төлү” аттуу биринчи ырлар жыйнагы чыккан. 1935–41-жылдар аралыгында Ж. Бөкөнбаев кыргыз адабий турмушунун ар кандай жүгүн аркалап, «Кызыл Кыргызстан” гезитинин бөлүм башчысы, «Ленинчил жаш” гезитинин, «Советтик адабият жана искусство”

(«Ала-Тоо”) журналынын редактору болуп иштеген.  Анын ошол кезде жазылган чыгармалары мезгилдин талабына жооп берип, көбүнчө үгүт, саясий-агитация милдетин

аткарган.  Ж. Б-дин «Алтын кыз” (1935), «Добулбас” (1935), «Жоомарттын ырлары” (1936), «Комуз” (1938), «Балдар үчүн ырлар” (1939), «Ырлар” (1939), «Өчпөс  өмүр” (1940) ыр жыйнактары акындын толкуп-ташкан поэтикалык дүйнөсүнүн байлыгынан кабар берет. Эркиндик, теңдик алып келип, кыргыз элин эзүүдөн куткарган коммунисттик партияны, ошол партияны жетектеген улуу Ленинди, аялдар азаттыгын, сүйүүнү, эркин эмгекти даңктап ырдаган. Согуш маалында Ж.  патриоттук ырлар м-н поэмаларды: «Кош Ала-Тоо, уулуң  кетти майданга”, «Москва крепость”, «Ата журт  үчүн майданга”, «Жүрөгүм менин Кызыл Туу”, «Белоруссия багында”, «Ажал менен ар-намыс” ж. б чыгармасын жазган. Драматургия жаатында да ал өзүнүн талантын көрсөткөн. «Алтын кыз”, 1937-ж. «Каргаша”, 1939-ж. «Токтогул”, 1939-ж. «Айчүрөк” 1939-ж. операсынын либреттосун Ж. Турусбеков, К. Маликов м-н бирдикте жазган деген маалыматтын

чындыгы бар.  А. С. Пушкиндин, М. Ю. Лер-монтовдун, А. С. Некрасовдун, В. В. Маяковскийдин чыгармачылыгына да кайрылып, айрым ырларды которгон. Өзүнүн бир катар ырлары ж-а поэмалары орус тилине которулган.  Ал  көзү  өткөндөн кийин, чыккан китептери редакцияланып, кээ бир жерлери  өзгөрүлүп чыккан. «Тандалган чыгармалар” деген жыйнагында ырлар, поэмалар анын  мурунку чыккан китептерине, кол жазмаларына салыштырылып, такталып, кыскартылган саптары кайра ордуна келтирилген. Анда айрым котормолору, драмалык ж-а прозалык тексттери, күндөлүктөрү, эскерүүлөрү, каттары орун алган.

 

Материал «КЫРГЫЗ АДАБИЯТЫ ЭНЦИКЛОПЕДИЯЛЫК  ОКУУ КУРАЛЫ” китебинен алынды. БИШКЕК – 2004.  МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ ЖАНА ЭНЦИКЛОПЕДИЯ БОРБОРУ