ЖООПКЕРЧИЛИК

ЖООПКЕРЧИЛИК — этиканын ж-а укуктун инсандын башка адамдарга, коомго ж-а жалпы эле адамзатка болгон өзгөчө мүнөздөгү социалдык, моралдык ж-а укуктук мамилесин чагылдырган категориясы; Ж. инсандын өздүк адеп-ахлактык парзын ж-а укуктук нормаларын аткаруусу м-н мүнөздөлөт. Ж. категориясы адамдын өздүк иш-аракеттеринин субъектиси (автору) катары чыгууга жөндөмдүүлүгү м-н мүмкүндүктөрүнүн өз ара айкалышуусунун философиялык ж-а социологиялык проблемаларын, о. эле 1) адамдын кандайдыр бир талаптарды аткарууга ж-а анын алдында турган милдеттерди ишке ашырууга болгон аң сезимдүү (атайы же ыктыярдуу) жөндөмдүүлүктөрү; 2) моралдык туура жорук-жосун жасоосу; 3) кандайдыр бир натыйжага жетүүсү, о. эле адамдын аны м-н байланышкан укуктуу ж-а укуксуз жорук- жосундарынын маселеси; 4) адамдын жорук-жосундарын кубаттоонун же сындоонун, сыйлоонун же жазалоонун маселелери өңдүү конкреттүү проблемаларды өз кучагына камтыйт. Бардык этикалык ж-а укуктук окууларда Ж. проблемасы эркиндиктин философиялык маселеси м-н байланышта каралат (к. Эркиндик ж-а зарылчылык).