ЖУМАГУЛОВ СУЛАЙМАН

ЖУМАГУЛОВ СУЛАЙМАН (1923-ж. т., Талас обл., Талас р-ну, Көпүрөбазар айылы) — физик-математик, философия илимдеринин кандидаты (1968), проф. (1991). 1953-ж. КМУнун физика-математика факультетин бүткөн. 1953-58-ж. партиялык кызматтарда иштеген. 1958-жылдан КМУнун диалектикалык материализм кафедрасында аспирант, улук окутуучу, доцент, кафедра башчысы. 1977-86-ж. Ош мамл. пед. ин-тунда ректор, 1986-жылдан Тил ж-а гуманитардык илимдер ин-тунда философия кафедрасынын башчысы. 40тан ашык ил. эмгектин (а. и. 5 монография) автору. Негизги ил. эмгектери: “Философия ж-а жаңы адамдын калыптанышы” (1985), “Философиянын негизги маселелеринин гносеологиялык анализи” (1988), “Философиянын жалпы маселелери” (1994). СССР жогорку билим берүүнүн отличниги, СССР эл агартуусунун отличниги, Кыргыз ССР элге билим берүүсүнүн отличниги, Кыргыз Респ-нын эмгек сиңирген мугалими (1983). Эл Достугу, Кызыл Жылдыз ордендери м-н сыйланган.