ЖЭЭРЕНЧЕ ЧЕЧЕН

ЖЭЭРЕНЧЕ ЧЕЧЕН – казак, кыргыз сыяктуу көчмөн элдердин орто кылымдардагы оозеки чыгармаларында айтылуучу  элдик ойчул. Аны белгилүү бир доордогу тарыхый инсанга окшоштуруу кыйын, бирок ага байланыштуу сүрөттөлгөн  окуялар феодалдык турмуштун көрүнүштөрүн чагылдырат. Айрым учурда ал Жаныбек хандын тушунда жашаган  көчмөндөрдөн Асан кайгы (XIV–ХV к.) деген башка бир даанышман менен чаташтырышып жүрөт.