ЖҮРҮМ-ТУРУМ

ЖҮРҮМ-ТУРУМ — белгилүү бир моралдык ченемдер м-н чектелген жорук-жосундардын ж-а кыймыл- аракеттердин системасы. Ж.-т. коомдук жагдай-шарттардын таасиринде калыпка салынат. Ж.-т. адамдын мүнөз, темперамент, каалоо, ой-пикир, көркөм сезим сыяктуу касиеттеринин айлана-чөйрө м-н байланышынан пайда болуп, өсүп-өөрчүйт. Бул термин илимде айбанга карата да колдонулат. Бирок, илим адамдын Ж.-т. айбандыкынан келип чыккан деген эски көз карашты төгүндөйт. Айбан айлана-чөйрөгө ылайыкташат, байырлашат, ал эми адам болсо ага акыл-эс м-н (аң-сезимдүү) мамиле кылат, өз таасирин тийгизет, аны өз мүдөөсү үчүн пайдаланат, анын дүйнө мамилесинде белгилүү бир максат болот. Психология илиминдеги бихевиоризм багыты адам м-н айбандын ушундай айырмасы барын жокко чыгарат, жеке адам дүйнөсүн аңдап билүүгө, адамдын ички сырын түшүнүүгө болбой турганын ырастайт.