ЗАМАНАЧЫЛАР

ЗАМАНАЧЫЛАР – ХIХ к. ортосу – ХХ к. башында кыргыз коомундагы саясий жана философиялык ойдун  өнүгүшүндөгү өзгөчө бир агым. З-дын составы ойчул-акындардан турган. Өз ырларында акыр заман, кыямат кайым, зарзаман маселелерин чагылдыргандыгына байланыштуу алар З. деп аталышат. З-дын негизги ырлары, ой-чабыттары өз  мезгилиндеги коомдук, саясий турмушту, андагы карама-каршылыктарды ачып көрсөтүүгө жана жакынкы жана алыскы  келечекке көз жүгүртөп, келечектеги коомдук түзүлүштү, андагы кыргыздардын ээлей турган ордун, ролун сүрөттөп,  ачып берүүгө арналган. Ошондой эле З-дын чыгармаларынан өнөргө, илим-билимге, улууну кадырлоого, жакшы каадасалттарды унутпай сактоого жана улантууга, эмгекчилдикке үндөгөн, ач көздүктү, залимдикти айыптаган мүнөздөгү оймурасты көрүүгө болот. З. жалпы эле Борбордук Азия жана Чыгыш Түркс-тандагы мусулман калктарынын жазма жана  оозеки адабиятына, саясий философиялык нугуна мүнөздүү чыгармаларды жаратышкан. З-дын өздөрүнүн акындык  өнөрү, философиялык ой мурасы менен Токтогул, Барпы, Тоголок Молдо ж. б. демократ акындарга олуттуу таасир  тийгизген. З-дын көрүнүктүү өкүлдөрүнө Калыгул Бай уулу (1785–1855), Арстанбек Буйлаш уулу (1824–1878), Молдо  Кылыч Шамыркан уулу (1868–1917) ж. б. кирет.