ЗАР-ЗАМАН

«ЗАР-ЗАМАН» (иранча зар-кайгы, ый) Молдо Кылычтын эң ири чыгармасы. Жазылган жылы тууралуу автор төмөнкүчө  баяндайт:  Бир миң үч жүз он алты.  Мусулманча бул сана  Отуз эки жашында,  Молдо Кылыч бечара.  «З. з». санат түрүндө жазылган. Кыргыз адабиятында көлөмү жагынан «З. з-га» теңдеш келе турган башка эч кандай  санат ыр жок. «З. з» сюжет жок, окуясыз, ал макал сыяктуу мааниси терең, үлгү, насыят сөздөр менен толтурулган. «З. зда» пикирлерди иретке келтирип, акылга сыйыштыруу өтө кыйын. Анда, биз көнүп калган тема, глава, бөлүмдөр ж. б.  учурабайт. Молдо Кылыч «З. з-га» башынан кирип «сайратып» жүрүп олтуруп, аягына бир чыккан. Ошондой болсо да,  маанисине карай бир ыңгай байкалат. «З. з-дын» баш жагында негизинен коомдук турмуштун абалы баяндалат. Мында  Падыша өкмөтүнүн, бий-болуштардын сурагы сүрөттөлүп, мунун натыйдасында эл арасы бузулуп, куулук-шумдук  көбөйүп, бей-бечаралардын зар турмушу айтылат. Анан элге санаттарын сүйлөй баштайт. М. Кылыч «З. з-да» санаттары  аркылуу коомду өзгөртүп, заманды оңдогусу келгени байкалат. Эл бийлеген «жакшыларды» адилетүү, боорукер болууга,  элдин оор турмушуна каралашууга чакырат. Карапайым элге тиричилик санаттарды айтат: өз мээнетиңер менен күн  көргүлө, бириңерге-бириң кайрымдуу болгула ж. б. «З. з-дын» орто бөлүмүндө пайгамбарлардын тарыхы жөнүндө  айтылат. Бул жерде өмүр менен өлүм маселелери козголуп, бул дүйнөдөн жөнөкөй пенделер эмес, кереметтүү  пайгамбарлар да өтөп кеткен делет. Ошондуктан, бириңерге-бириң жамандык кылып, курулай күнөөнү көтөрө  бербегиле, азыноолак өмүрдө саламдашып өткүлө деген пикирди айтат. М. Кылыч өлүмдү эскертип, дагы эле болсо, ал  аркылуу коомдук турмушту оңдогусу келген. «З. з-дын» мазмуну жагынан кыргыз коомчулугундагы саясий жана  философиялык ойдун өнүгүш деңгээлин жана багытын көрөбүз.

«З. з». чыгармасынын аягы төмөнкү ойлор менен бүтөт:
Айта берет «зар-заман»
Айып дебе шайырды
Орустун кана жазыгы?
Малайга берет акыны,
Падышалуу чиркиндин
Мыйзамга туура жатыгы.
Каратса да жериңди,
Арзан кылды эгинди,
Сураса кыргыз орусту,
Тердирет эле коңузду.
Акы бербей аларга,
Салат эле жумушка.
Кылба журтум убайым,
Орусту берген кудайым,
Мусулманга карата,
Деп тилеймин, сураймын.
Мусулмандан кан болсо,
Курутпайбы жудайын?