ЗАТ

ЗАТ (Вещество) — материянын физикалык талаадан (поле) айырмаланып, тынч абалдагы, массага ээ болгон түрү. З-тын тынч абалдагы массасы нөлгө барабар болгон элементардык бөлүкчөлөрдөн (негизинен электрон, протон, нейтрон) турат. «Материя» — философиялык, ал эми З. физика ж-а химиялык мааниде колдонулат. Жөнөкөй З. бир эле химиялык элементтин атомдорунан, татаал З-тар эки ж-а андан көп элементтин атомдорунан түзүлөт. 17-18-к-дарда илимде атомдук багыт пайда болгондо З. дегенди материя м-н бирдей касиетке ээ болгон «материал» ж-а андан жаратылыштагы бардык нерселер келип чыккан деп түшүнүшкөн. З-тын 4 түрдүү абалы белгилүү: газ, суюктук, катуу нерсе, плазма. Материяны З. м-н окшоштуруп материя жоголду деген теориялардын негизи идеализмге барып такалат.