ЗИЛЗАЛА

«ЗИЛЗАЛА» (Кысса-и-Зилзала кыйраткыч жер-титирөө) – Молдо Кылычтын чыгармасы. Алгач 1911-ж. Казан  шаарынан араб тамгасында чыккан. 1910-ж. Кыргызстандагы, борбору Чоң-Кемин болгон, чоң жер титирөө алааматка  арналып жазылган казал. Бул кыргыз элинин алгачкы ирет жазылып, басмадан чыккан эмгектеринин бири. «З».  чыгармасы адам коому менен табияттын кубулуштарынын ортосундагы мамилеге, коомдук мамилелердин өзгөрүшө,  адамдардын «күнөөлөрүнөн көбүйүшү чоң табигый кырсыктарга алып келет деген философиялык ойго, акыр заман  идеясына (Айтып өттүм далай сөз, Акыр заман журтуна) арналган. 1991-ж. жарык көргөн М. Кылычтын «Казалдар»  жыйнагындагы «З-дан» өзүндө келтирели:  . . . Куйруктуу жылдыз көп чыгып,  Асмандагы ай, күндү,  Бетин жаап кир чалмак.  Адам заттын шумунан,  Анты, шерти убада,  Баары кетти жалтайлап.  Эл кыдырды кожолор,  Амал кылбай молдолор,  Адам акын көп жеди,  Түрлүү, түрлүү бенделер,  Кууланган жорук көбөйдү.  Кудайдан башка ким билет,  Акыретке барганда,  Адам бенде тергелер.  Бенденин кылган күнөөсүн,  Өзү турган жер көрөр.  Адистин уккан бул сөзүн,  Адам бенде шумунан,  Кара жер минтип термелер ж. б.