ИЛИМИЙ-ТЕХНИКАЛЫК ОПТИМИЗМ, ТЕХНОЛОГИЯЛЫК ОПТИМИЗМ

ИЛИМИЙ-ТЕХНИКАЛЫК ОПТИМИЗМ, ТЕХНОЛОГИЯЛЫК ОПТИМИЗМ — философия, социология, футрология илимдериндеги агым; илим м-н техника өнүккөн азыркы шартта адамзат туш болгон глобалдуу проблемаларды илимий техникалык прогресстин жардамы м-н чечип, карама каршылыктуу экологиялык кырдаалдан чыгууга болот деп үмүттөнүү. И.-т. о. 20-к-дын 1960-ж-дын аягында 1970- жылдардын башында түптөлүп, модерндешкен технологиялык теориянын позициясынан туруп, «экологиялык пессимизмге» карама-каршы турган технологиялык теория. Көрүнүктүү өкүлдөрү — Д. Белл, Г. Кан, А. Тофлер (АКШ), Б. де Жувенель, Ж. Фурастье (Франция), О. Флехтхейм (Германия), К. Фримен, Д. Г абор (Англия), И. Кайя (Япония), ж. б. Адам коомунун өнүгүшүндө социалдык-экономикалык факторлорду баалабай адамзаттын тарыхый тагдырын аныктоодо илимий техникалык прогресстин маанисин ашыра баалайт.