ИЛИМИЙ ТЕХНИКАЛЫК ПРОГРЕСС

ИЛИМИЙ ТЕХНИКАЛЫК ПРОГРЕСС — илим м-н техниканын бирдиктүү, өз ара шартташкан, бир калыптагы өнүгүшү. ИТПнын тамыры 16-18-к-дагы мануфактуралык өндүрүшүнөн уланып, илимий техникалык ж-а техникалык ишмердик жакындаша баштагандан ары уланат. Буга чейин эмпирикалык тажрыйбадан, кол өнөрчүлүктүн купуя сырларынан, рецептеринен топтолуунун эсебинен жай темпте эволюциясын баштаган материалдык өндүрүштүн жаңыча аталышы. Аны м-н катар жаратылыш туурасында жай темпте прогрессин баштаган, өндүрүшкө эч канчалык көмөк көрсөтө албаган теология м-н схоластиканын таасиринде калган ИТП адам ишмердигинин түздөн-түз эмес болсо да, о. эле салыштырмалуу түрдө өз алдынча агымдары болгон. 16-к-да соода-сатыктын, деңиз сүзүүчүлөрүнүн, ири мануфактуранын муктаждыктары теориялык ж-а эксперименталдык чечүүнү талап кылган бүтүндөй бир катар маселелердин чечилишин талап кылды. Бул мезгилде илим Кайра жаралуунун идеяларынын таасири м-н схоластикалык салттардын таасиринен кол үзүп, тажрыйбага бет алат. Компас, ок дары же китеп басып чыгаруу (айрыкча ушул) илимий же техникалык ишмердиктин бекем союзунун түзүлүшүнө негиз болгон улуу ачылыштар болгон. Суу тегирменди, кеңейип бараткан мануфактура өндүрүшүн пайдалануу муктаждыгы айрым механикалык процессти теориялык изилдөөгө түрткү болду. 18-к-дын аягында машина өндүрүшүнүн пайда болушу алдыда болуп өткөн математиктердин, механиктердин, физиктердин, ойлоп табуучулардын, чебер колдуулардын чоң армиясынын илимий техникалык чыгармачылыгы тарабынан даярдалган. Дж. Уаттын буу машинасы конструктордун-техникалык ишмердиктин гана эмес «илимдин да жеңиши» болуп калды. Машина өндүрүшү өз кезинде илимдин жаңы, тажрыйбалык мүмкүндүгүнүн технологиялык колдонулушу үчүн чектелбегендигин айкындады. Анын прогресси илимдин прогресси м-н аныкталат, анын өзү К. Маркс айткандай «предметтик ишке ашкан илим». Мунун өзү жаңы этапка, ИТПтин экинчи этабына өткөнүн көрсөтөт, илим м-н техника өз ара бири-биринин өнүгүшүнө ыкчамдатылган темпте дем берет. Илимий изилдөө ишмердигинин теориялык чечимин техникалык ишке ашыруусуна чейин жеткирүүгө чакырылган изилдөө тизмеги келип чыгат, колдонмо изилдөө, тажрыйба конструктордук иштеп чыгуу өндүрүштүк изилдөө. Илимий-техникалык ишмердик адам эмгегинин сарпталбаган кеңири сферасы болуп чыга келет. ИТПтин үчүнчү этабы азыркы учурдагы ИТР м-н байланышкан. Анын таасири м-н техниканы өндүрүүгө багытталган илимий дисциплинанын фронту кеңейет. Техникалык маселени чечүүдө биологдор, физиологдор, технологдор, лингвисттер, логиктер катышат. Техникалык прогрессти ыкчамдатуга түз же кыйыр түрдө коомдук илимдердин көп багыттары таасирин тийгизет; экономиканы ж-а өндүрүштү уюштуруу, экономикалык ж-а социалдык процесстерди илимий башкаруу, өндүрүштүк эстетика, техникалык өндүрүштүн психологиясы ж-а логикасы прогноздоодон конкреттүү социалдык изилдөөлөрү. Техникага карата катышы б-ча илим алдындагы жетекчилик ролу айкын болууда. Жаңы илимий багыттар ачылыштар артынан бүтүндөй өндүрүш тармактары келип чыгат: радиоэлектроника, атомдук энергетика, синтетикалык материалдар химиясы, ЭЭМ өндүрүшү ж. б. илим техниканын үзгүлтүксүз түрдө техниканы революциялаштырган күч болуп калат. Өз кезинде техника илимдин прогрессине түрткү дем берет, аны так ж-а татаал эксперименттик жабдыктар м-н камсыз кылып, жаңы талаптарды коюу м-н алга сүрөйт. Азыркы ИТРдин мүнөздүү белгиси ал өндүрүштү гана эмес, коомдун жашоо ишмердигинин көптөгөн жактарын да камтыйт: айыл-чарба, транспорт, байланыш, медицина, билим берүү, турмуш-тиричилик сферасы. Илимий ж-а техникалык бекем бирдигинин айкын көрүнүшү адамзаттын космоско чыгуусунан көрүнөт. ИТП социалдык прогресстин негизи болуп кызмат кылат. Таптык коомдо илим м-н техника негизинен үстөмдүк кылуучу таптын кызыкчылыгын көздөп, көбүнчө адамды көрө албоочулук милитаристтик максат м-н рухий прогрестин регрессии м-н адамдагы инсандыктын жан-дүйнөнүн бүлүнүшү м-н коштолот. Тапсыз коомдо ИТП бүткүл элдин кызыкчылыгын, илим м-н техниканын өнүгүшү экономикалык ж-а социалдык маселелерди чечүүнү, адамды ар тараптуу ж-а гармониялуу өнүгүшүн камсыз кылат.