ИМПЕРИЯ
ИМПЕРИЯ (лат. imperium – бийликке ээ, кубаттуу, күчтүү) – 1. байыркы Римде – шайлоолордо, мыйзамдарды кабыл алууда, согуш жарыялоодо жана тынчтыкка келишүүдө, жогорку сотто көрсөтүлгөн элдин жогорку мамлекеттик бийлиги; 2. байыркы римдик магистр – падышалардын, Рим республикасында – консул, претор, диктатор, протопретор, шаардык жана преториандык префект жана цензорлордун жогорку полномочиеси. Жогорку мамлекеттик бийлик аларга же шайлоо аркылуу же өзгөчө мыйзам менен берилген. Диктатор Рим республикасында император жогорку даражасын алган; И-нын полномочиелеринин республикалык мүнөзүнүн жоюлушу менен анын жогорку даражасы бийликке ээ болоору менен Римдик императорлоруна өмүрлүк кылып берилген; алардын И-сы тарабынан Рим көзөмөлдөгөн аймактын бардыгына таркалган; 3. Императордун бийлиги таркаган аймак; 4. Император титулун алган же династиялык жол аркылуу ага ээ болгон адам башкарган мамлекет; 5. Метрополия – колония, борбор – провинция, борбор – улуттук республикалар жана чет жакалар мамилесинин негизинде катуу борборлошкон бийликтин астында гетерогендик этноулуттук жана администрациялык-аймактык бирикмелерди бириктирген саясий система.
Бардык маанилеринде И. түшүнүгү жер-жерлерде борбордук бийликти катуу колдонуу менен байланышкан.