ИНСАЙТ

ИНСАЙТ (анг. insight — көрө билүү, түшүнүү) — жеке тажрыйбаларга ж-а кемчиликтерге таянган билимдер, бир нерсени илип алуу, дароо түшүнүү же үйрөнүү. И. кубулуштары тууралуу илимий билимдердин көпчүлүгү 20-к-дагы немец гештальтпсихологу Вольфганг Кёлердин жаныбарлардын жүрүм-турумуна арналган эмгектеринен алынган. Эксперименттеринин биринде Кёлер Султан аттуу ачка шимпанзе камалган тордун сыртына банандарды койгон ж-а шимпанзеге бананга жетүү үчүн кыска эки таякты карматкан. Эгер шимпанзе эки кыска таякты бириктирсе, анда сырттагы банандарды алуу өтө жеңилге турган. Бирок, Султан таяктардын ар бири м-н банандарды алууга жасаган аракеттери эч натыйжа берген эмес. Кийинчерээк, кокусунан таяктарды бири бирине улаштырып, банандарга жеткен соң, Султан эч кимдин жардамысыз эле банандарга жетүү үчүн узун таяктарды пайдалана баштаган. Адамдарды маданиятка үйрөтүүдө да И-ты пайдаланууга болот. Бир кылган иш-аракетти көп жолу кайталоо аркылуу адамдар аны көнүмүш адатка айландырышат. Ушундай факторду (аракет) эске алуу м-н адамдардын жүрүм-турумундагы аң-сезимсиз мотивдерди ж-а патологиялык бузулуулардын себептерин аныктоо үчүн инсайт психотерапияда ж-а психоанализде кеңири пайдаланылат.