ИНСАН

ИНСАН, с а я с а т т а г ы и н с а н – 1) өзүнө тиешелүү интеллектуалдык, эмоционалдык, эрктик жекече белгилери жана  сапаттары бар адам; 2) адам мамилелеринин жана аң-сезимдүү ишкердүүлүктүн субъекти катары; 3) адамды коомдун  мүчөсү же калктын бөлүгү катары мүнөздөөчү социалдык маанилүү белгилердин туруктуу системасы. Саясаттагы И.  төмөнкүлөрдү камтыйт: И-дын саясий баалуулуктарга багыт алуусунда жана саясий жүрүм-турумунда көрүнүүчү  жекече социалдык, биологиялык, психико-физиологиялык жана руханий сапаттар; адам тарабынан саясий мамилелерге  кандайдыр бир социалдык топтун-таптык, этникалык, кесиптик, конфессионалдык, демографиялык ж. б. өкүлчүлүк  кылуу; гражданин катары, коомдук саясий уюмдун мүчөсү катары белгилүү бир социалдык-саясий статуска ээ болгон  салыштырмалуу өз алдынчалык жана ар кандай деңгээлдеги активдүүлүктүн, ишмердүүлүктүн бүтүндүгү. И. саясаттын  субъектилеринин алгачкысы болуп эсептелет.

Саясий субъект катары И. коомдогу саясий процесстерге жана эң  башкысы саясий бийликке таасир тийгизүү мүмкүнчүлүгү бар. Саясаттын субъектиси катары алганда И-дын төмөнкүдөй  негизги түрлөрү бар: саясатты танган, саясий процесстерден четтеген жана өзүнүн саясатка катышуусуна терс мамиле  кылган И; пассивдүү, саясатка болгон кызыкчылыгы аз, ага кээде эле катышкан же анын маанисин жакшы түшүнбөй  туруп, үстүртөдөн сындаган И.; гражданин-коомдук уюмдун мүчөсү, коомдук кыймылдын катышуучусу, саясий  практиканын сферасына катышкан шарттуу түрдө кошулган И.; коомдук, коомдук-саясий ишмер, саясий ишмердүүлүктү  өзүнүн негизи, башкы иши кылып алган профессионал саясатчы; саясий жетекчи, эң жогорку деңгээлдеги уюмдашкан,  идеялык, формалдык же формалдык эмес лидер. И. саясаттын субъектиси экендиги анын саясий жүрүм-турумун өтө  кеңири чектеринде – жабык каршылык көрсөтүүдөн баштап ашынган саясий экстремизмге чейин көрүнөт. Саясатты  танган жана пассивдүү И. көпчүлүк учурда саясаттын объектиси катары чыгып жана ушул сапатында ар кандай саясий  «оюндардын» базасын, тирегин, түзүшү мүмкүн. И. саясатка катышуусу анын саясий билими, маданияты жана саясий  социалдашуусунун даражасы менен шартталат.